Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча Францияда өтүп жаткан Grand Prix dе Franсе деген аталыштагы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды.
1-февралда Ницце шаарында башталган турнирдин биринчи күнүндө кыз-келиндер арасында медалдар ойнотулду.
76 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күч сынашты. Жыйынтыгында эки кыргызстандык спортчу финалга чыгып, Мээрим Жуманазарова жеңүүчү болду.
Ал эми Айпери Медет кызы күмүш медалга татыды. Ушул эле мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде жеңүүчү болгон.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ