Menu

Катар – футбол боюнча Азиянын жаңы чемпиону!

Бөлүшүү:

1-февраль күнү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогу – 2019 аяктады. 2022-жылдагы дүйнө биринчилигин өткөрө турган Катар курамасынын даярдыгы абдан жакшы экенин көрсөтө алышты. Алсак, финалдык оюнда Азиянын терт жолку жеңүүчүсү жана ушул турнирдин эң башкы фаворити Японияны 3-1 эсебинде жеңип, өз тарыхындагы жаңы баракты ача алды.

Катар курама командасы алгачкы оюнунда ливандыктардын дарбазасына 2 жоопсуз гол согушкан. Андан кийин Түндүк Кореядан келген футболчуларды 6-0 эсебинде жеңишти. Катарлыктардын кийинки утушу Сауд Араб командасынын үстүнөн болду. Анда оюн 2-0 эсебинде аяктаган болчу.

1/8 финалдык оюнда Катар курама командасы Иракты 1-0 эсеби менен жеңип, өзүнүн жеңиш жолун улай алган. Чейрек финалда катарлык футболчулар Түштүк Кореяны 1-0 эсебинде жеңип, жарым финалга аттанышкан. Ал жакта аларды турнирдин кожоюндары күтүп турушкан. Бирок, БАЭ курамасына катарлыктар 4 жоопсуз гол киргизишип,  жергиликтүү футбол күйөрмандарынын маанайын түшүрүп коюшту.

Ал эми алардын финалдагы каршылаштары Япондор ушул турнирди жеңет деп ишеним артып жаткан. Япон футболчуларынын Азия кубогунун финалындагы жолу, тайпалык оюндардын алкагында Түркмөнстанды 3-2 менен жеңишинен башталды. Андан кийин япониялыктар Оман курамасын 1-0 эсебинде утуп алышкан. Андан кийин катуу кармашта өзбекстандык футболчуларды 2-1 эсебинде жеңишти.

Тайпадан 1-орундан чыккан япондор 1/8 финалдык беттеште Сауд Араб курамасын 1-0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда япондорду Вьетнам курамасы токтотууга аракет кылып, бирок алар 1 жоопсуз гол менен утулуп калышты. Жарым финалда күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары турнирдин дагы бир фаворити Иран курамасын 3-0 эсебинде ишенимдүү жеңген.

Финалдык оюн катарлыктардын үстөмдүгүндө өтүп жатты. Алгачкы голду 12-мүнөттө Али Алмоез Япониянын дарбазасына узатса, 27-мүнөттө Абдулазиз Хатемдин голу менен Катар курамасы эсепти 2:0гө жеткирди.

Япония 69-мүнөттө эсепти 2:1ге чейин кыскартканы менен 83-мүнөттө Катар пенальтинин жардамы менен оюн жыйынтыгын 3:1 кылып, оюнга чекит койду. Натыйжада Катар өз тарыхында алгачкы жолу Азия чемпиону болду.

Катар курама командасы бул турнирде дүйнөнү кыйла таң калтыра алды. Мисалга алсак, турнирде жалпысынан 19 гол киргизишип, финалда гана бир гол кое беришкен. Мындан тышкары аталган команданын чабуулчусу Али Алмоез турнирде эң көп гол киргизип, турнирдин бомбардири боло алды. Анын капчыгында жалпы 9 гол болду.

Булак:  «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: