Menu

Самарканддагы көп кабаттуу үйлөргө көзөмөл камералардын ордуна муляждар орнотулган

Бөлүшүү:

Самарканд шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө орнотулган видеокөзөмөл камералардын көбү кадимки эле муляждар. Бул тууралуу жергиликтүү «Эл үнү» гезити жазып чыкты.

Басылманын билдиришинче, эки жыл мурда Самарканд бийлиги кылмыштын санын азайтуу максатында шаардагы көп кабаттуу үйлөргө видеокөзөмөл камераларын орнотууну демилгелеген.

Жергиликтүү бийлик турак-жай ээлерине видеокамераларды орнотуу үчүн насыяларды алууга жардам берген. Бул иштердин жыйынтыгында 1 200дөн ашык көп кабаттуу үйдө камералар пайда болгон.

Гезиттин маалыматына караганда, шаардагы «Семург», «Зульфия», «Токзор», «Истиклол» сыяктуу бир катар райондордо көзөмөл системалары иштебейт.

«Ал жерлерге эң арзан жана сапатсыз жабдуулар орнотулуп, тез эле жарактан чыгып калган. Учурда аларды калыбына келтирүү боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Формалдуу түрдө калаа бийлигинин буйругу аткарылган, бирок иш жүзүндө кадимки эле көз боёмочулук болду», — деп жазды басылма.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: