Ош шаардык ички иштер башкармалыгы улгайган жаранга кол көтөруп, акча талап кылган балдардын так жайын аныктады.
2-февралда интернетке эки бала карыган кишини чаап, аны коркутуп жатканы тартылган видео тараган.
Ош шаардык милициясы тасмадагылар 17 жаштагы өспүрүмдөр экенин жана Оштогу окуу жайлардын биринде окуй турганын аныктаган. Алар карыган киши ичимдик ичип алып, алар жашаган аймакка көп келгендиктен аны уруп-согушканын айтышкан.
Милиция өспүрүмдөр аксакалдан кечирим сурашканын кабарлады. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «ээнбаштык» катары катталды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ