2019-жылдын 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600м3кар көчкү жана ошол эле чакырымында саат 19:34 чамасында  кайрадан 700м3 кар көчкү түшүп, Деу Матиз унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон. Абалдары жакшы.  Унаа жол жабылган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана Чоң-Алай райондук №88 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 20:15те Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.  Унаанын ичинде 2 адам болуп, ал №16 ЖТИ кызматкерлери тарабынан унаадан чыгарылган. Ал эми кар көчкү басып калган Деу Матиз унаасын куткаруучулар чыгарууга жардам беришкен. 2 адам өздөрүнүн унаасында үйлөрүнө кетишкен.

2019-жылдын 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында  Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында 700м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол жабылган.

Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 20:00дө Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

2019-жылдын 5-февраль күнү саат 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болуп, анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүлөрү менен жолдо калып кетишкен.

Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана №16 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 00:26да Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымындагы кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган. Ал эми, 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан 2 мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.