Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрдү, окуучулар менен маектешти. Ага география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары кандай өтөөрүн көрсөтүштү. Окуучулар Президент үчүн ооз комузда ойношуп, ага гимнастика, бий сабактарын көрсөтүштү.

№ 12-мектепте борбор шаардын мэри Азиз Суракматов борбордогу толук эмес жана ашыкча комплекттенген мектептердин абалы боюнча презентация жасады.

Маалыматты уккан соң Президент айрым мектептер 40 пайызга гана комплекттелгенин, ал эми башка мектептерде ашыкча комплекттөө 300 пайызга чейин жеткенин, бул абалды терең талдап, тийиштүү чечим кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.

Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышты.

Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө коп болуп жатканын белгиледи.

«Бул маселе менин көңүл борборумда. Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Мэрия менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: