Menu

Ыңгайсыз суроолор: Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге

Бөлүшүү:

2020-жылы капчыктууларды катарыңызга кошуп алып кайрадан парламентке келүү аракетиңиз ишке ашпай турганын сезип атасызбы?

Жакындан бери Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин кайрадан бакылдай баштады. Мунун табактай болгон бетинде кыпындай дагы кызылы жок турбайбы. Болбосо эл алдына чыгып сүйлөгөнгө жүзү калдыбы? Бабановго премьер-министр болом деп чамынып эмне болду? Ага артын такап алып шайлоо маалында Президент Сооронбай Жээнбековго тил тийгизгени жалганбы? Андан да өкүнүчтүүсү, тагыраак айтканда жийиркеничтүүсү шайлоодон кийин билинди го, чиркин. Экс-ажого жагалданып, шыйпаңдап, «сындадыңыз, бышырдыңыз» деп шалпылдатып «жалаганычы». Баарыбызды жерге түкүртпөдү беле. Бет деген «бетон» экен да. Эми Атамбаевди колунан келишинче шыбап, бүгүнкү бийликке кошоматтана баштады. Эми суроонун кезмети келип туру:

—Бакыт Эргешович, сизде «позиция» деген нерсе барбы? Же кайсы бийлик учуру болбосун, жагалданып бийликке жетүүнү мыкты өздөштүрүп алгансызбы? Бир учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «дарысы» менен дарыланып жаттыңыз эле. Жыйынтыгы кандай болду? Өткөн президенттик шайлоодо кимдир бирөөнүн премьер-министри болом деп жүрдүңүз эле, ал «президентиңиз» кайда? 2020-жылы капчыктууларды катарыңызга кошуп алып кайрадан парламентке келүү аракетиңиз ишке ашпай турганын сезип атасызбы?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: