Menu

Эми жаңы төрөлгөн балдарга сертификат бериле баштайт

Бөлүшүү:

Жакында жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо сертификат берилет. Ал сертификатка баланын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматтар жазылат. Бул тууралуу республикалык эмдөө борборунан билдирди.

Сертификаттарды берүү саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде демилгеленген. Адистердин айтымында, учурдагы ички жана тышкы миграциялык агымдын негизинде ушундай кадамга баруу зарылчылыгы келип чыккан.

“Бул сертификаттарды ата-энелер өзүндө сакташат. Бала бакчага барганда, окууга киргенде, жогорку окуу жайына тапшырса да, эмдөөдөн өткөндүгү же өтпөгөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат. Ал эми эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер болсо, аларга деле сертификат берилет, бирок, эмдөөдөн баш тарткандыгы тууралуу маалымат жазылат. Мунун негизги себеби ички жана тышкы миграциянын агымынан келип чыкты. “Көп учурда ата-энелер баласынын эмдөөдөн өткөнүн билбей калышат. Медицина кызматкерлеринен такташ үчүн баштапкы жашаган жерине кайрылышып, убарагерчилик да болууда. Бул сертификат ушундай маселелрдин алдын алат” – деп билдирди Республикалык эмдөө борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жумагулова.

Эскерте кетсек, буга чейин балдардын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматтар форма 63 медициналык документке жазылып, ал саламаттыкты сактоо борборлорунда болуп келген. Эми ошол эле маалыматтар сертификатка жазылып, ата-эненин колунда болот да, кайсыл жакта болсо да баласынын 1 эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: