Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Россиянын экинчи аскердик базасын ачуу Атамбаев үчүн Москвага жагынуунун, кошоматтануунун жолу болчу”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, эмнегедир парламенттин ишине ичи жылыбагандар четтен чыга баштады. Айрым билермандар 1-2 айдын ичинде тараарын айта башташты. Парламент тарайт деген маселе бышып клдыбы?

– Парламенттик шайлоого аз эле калды. Таратканга эч кандай негиз деле жок. Бирок, аларды таркаткан да оңой эмес. Өздөрү болсо таркашпайт. Ошондуктан “парламент тарайт” деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок.

– Ишенбай Кадырбеков “Жогорку Кеңештин регламенти сырттан келген акчага көз каранды болуп калды” деген оюн айтыптыр. Кошуласызбы?

– Жогорку Кеңештин регламенти “Ак Жолдун” заманынан эле туура эмес жазылып калган. Эффективдүүлүгү аз. Бирок андан сырткары дагы практикасы да башка багытка кетип калган. Мисалы, азыр комитеттердин ролу абдан төмөн. Пленардык убакыттын көбүнчөсү текке кеткендей сезиле берет. Анан мына жанагы кодекстердей өтө чийки жана ойлонулбаган мыйзамдар кабыл алынып атканы ошондон.

– Эмне үчүн барган сайын парламент алсыз болуп, парламентке “мыйзам жазайын”дегендер эмес,“байлыгымды, бизнесимди коргоюн”- дегендер келе баштады?

– Мен депутаттардын өзүн эмес, бери жагын айтып берейин. 2015-жылкы жардамчылардын штатын кыскартуу чечими өтө туура эмес болгонун мына азыр көрсөк болот. Депутатка физически жанагынча долбоорлор менен танышууга, ошол эле убакытта шайлоочулар менен байланышып, алардын маселелерин чечүүсү мүмкүн эмес. Биздин каражатыбыз албетте, жетишпейт, Европа же Америкалардай ар бир депутатка ондон жардамчы берүүгө. Бирок, жок эле дегенде 3-4 болушу керек. Ансыз мына кесепеттери баарыбызга тийип атат. Бул жерде үнөмдөө жөнүндө сөз болбошу керек. Эгемендүүбүзбү – ошонун чыгымын көтөрөлү.

– Кыргызстандын Россиядагы элчилик кызматына жаңыдан киришип жаткан Аликбек Жекшенкулов “түштүккө Россиянын экинчи аскердик 6азасы ачылса, Кыргызстан тарап каршы эмес” дептир. Бүгүн экинчи базаны ачуу зарылдыгы барбы?

– Бул маселе Атамбаев үчүн убагында башка сөзү калбай, калп эле Москвага жагынуунун жана кошомат айтуунун жолу болчу. Азыр дагы кырдаал өзгөргөн. Экинчи база ачкыдай бизде кайсы душман коркунуч туудуруп атат азыр? Мурун го бул расмий Ташкентке кыр көрсөтүүнүн бир ыкмасы болчу. Бирок, азыр бир тууганча жашап атпайбызбы, чек ара ачылып, соода жүрүп. Анан ошону сезбей эле, эски пластинканы ойното бериштин кереги жок. Ар кандай майда террористтер менен күрөшкөнгө өзүбүздүн эле алыбыз жетет. Армиябыз бар. Эми ошол куралдуу күчтөр «жетпейт» десе, анда генералдар кызматын таштап кетишсин. Экинчи аскердик базаны жайгаштырышса, аскердик генералдар жеген тамагын акташпаган болуп калат. Башкача айтканда бул нерсе өтө чоң уят көрүнүш. Мамлекетибиздин тынчын алган эч кандай душман коркунуч жаратпаса деле сырттан аскер базасын жайгаштыра беребизби? Биз ОДКБнын мүчөсү болгонубуз эле жетиштүү. Ага карабай дагы бир базаны жайгаштырып, эгемендүү жергебизди тепселете бергенибиз болбойт го. Башкача айтканда, өзүбүздү сыйлабагандыгыбыз болуп калат го.

-“Райым милиондун” мүлкү иликтенсин деген эмнеден кабар берет?

-Анын мүлкү текшерүүгө алына баштаганы эч нерседен кабар бербейт. Тескерисинче коомчулукту: “анын баардык тапкан акчасы, топтогон мүлкү адал” деген жоопту укканга даярдаш керек. Укканда таң калбай, шок болбой турган кылып.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: