Германиянын Тажикстандагы элчиси Найтхарт Хёфер-Виссинг Германияда жүргөн тажик оппозиционерлерин экстрадициялоо маселесин бир нече жолу көтөргөнүн билдирди.
Германияда “Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы”, “Группа 24” кыймылынын тарапташтары көп. Бул өлкө Душанбенин саясатына каршы чыккан көптөгөн окумуштуулар менен журналисттерге да башпаанек берген.
«Биз ал кишилердин кылмыш жасаганы тууралуу далилдер болсо, бергиле дедик. Биз текшеребиз, анан чечим кабыл алабыз. Германияда кайсы бир кишинин күнөөсүн сот гана аныктайт», – деди немис дипломаты.
Найтхарт Хёфер-Виссинг Германияны качкындардын саясий көз карашы кызыктырбай турганын, алар жергиликтүү мыйзамдарды бузса гана кармаларын белгиледи.
Былтыр августта Германия бийлиги диний партиянын мүчөсү Мухаммадсиддик Файзрахмоновду Тажикстанга кайтарып жибере жаздаган. Der Spiegel басылмасы билдиргендей, оппозиционерди экстрадициялоо немис Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү менен токтотулган. Миграция жана качкындар иштери боюнча федералдык мекеме Файзрахмоновдун ишин кайра карап чыгат.
2015-жылы Душанбе “Тажикстан кайра жаралуу партиясын” террористтик уюм катары тааныгандан кийин Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны көбөйгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ