Menu

Александр Рябушкин, “Вечерний Бишкек” гезитинин ээси: Рейдерлерге чара көрсөңүз, урматтуу президент!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Соооронбай Шариповичге

Кайрылуу

Уаматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен үй-бүлө мүчөлөрүм, эмгек жамаатым менен Сиздин өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуп, коррупцияны ооздуктоо боюнча жүргүзүп жаткан ырааттуу жана чечкиндүү саясатыңызды колдойбуз. Менин аң сезимдүү өмүрүмдүн көпчүлүгү республикабыздын ар тараптуу турмушун Москвалык басылмаларда чагылдырууда өттү, бирок буга чейин тартипти, адилеттүүлүктү бекемдөө боюнча азыркыдай активдүү иштерге күбө болгон эмесмин. Бул багытта Сизге ийгиликтерди каалаймын.

Бирок, жаңылыштыктанбы же айрым адамдардын шыкактарынан уламбы, айтор, өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жаткан учурда жекече мага жана үй-бүлө мүчөлөрүмө карата мыйзамсыз аракеттер болуп, анын айынан узак убакыттан бери убактылуу кармалуучу жайда жаткандыгымдан бул маселе боюнча Сизге кайрылууга аргасыз болуп жатам. Маселенин кыска мазмунуна көңүлүңүздү бурайын. “Вечерний Бишкек” гезитине 2015-жылы 17-апрелде экс-президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев жөнүндө сын макала жарыяланат. Ал убакта аталган гезиттин ээси Александр Ким болгон. Сынга нааразы болгон Э. Мамбеталиев гезитти сотко берет, натыйжада Свердлов райондук соту 2016-жылы 5-февралда “Вечерний Бишкек” басма үйүнөн же ага кирген “Вечерний Бишкек”, “МСН”, “Жаңы агым” гезиттеринен, рекламалык “Рубикон” фирмасынан Э. Мамбеталиевдин пайдасына консолидардык түрдө 5 млн. сом өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат. Ал шаардык соттун 2016-жылдын 15-июлундагы чечими менен 1 млн. сомго түшүрүлөт.

Менин аталган басма үйүндөгү 50 пайыздык үлүшүмдү А.Кимдин активдүү катышуусунда биринчи президенттин үй-бүлө мүчөлөрү рейдерлик жол менен тартып алып, эч нерсе төлөбөгөндүктөрү, экинчи президент басма үйүн А.Кимге алып бергендигин өз китебинде ачык жазып, алар 2015-2016-жылдардагы соттук кароолордо ырасталып, он беш жылдык дивиденддер, үлүшүм үчүн Басма үйү соттун чечими менен мага өткөндөн кийин, мен акционерлердин оозеки макулдуктарына ылайык, 2016-жылы Э.Мамбеталиевге “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кассасынан 1 млн. сомду төлөттүрүп бергенмин. Ал убакта аталган Басма үйүнүн акцияларынын 64 пайызы мага таандык болчу. Макаланы жазган, баскан адамдардын бардыгы Басма үйүндө иштешчү.

Бирок, 2018-жылдын экинчи жарымында А.Кимдин жана ага ыктаган бир нече акционердин “биз ал төлөмдү билбегенбиз, ага биз макулдук берген эмеспиз” деген мазмундагы арыздарынын негизинде мага карата кылмыш иши козголуп, мени Кылмыш Кодексинин эки беренеси менен айыпташып, дароо камакка алышты. Арыз бергендердин доолорунун чындыкка ылайык келбестигин эске алышпады. Анткени, Басма үйүнүн кассасынан Э. Мамбеталиевге 1 млн. сом төлөнүп берилгендиги убагында бардык маалымат каражаттарына чыккан. Андан кийинки мезгилде Басма үйүнүн эки жолу отчёттук чогулушу өткөрүлүп, аларда да доогерге 1 млн. сом төлөнгөндүгү айтылган. Анын үстүнө Басма үйүнүн акцияларынын 64 пайызы меники болгондуктан башкалардын макулдугусуз деле ал маселени чечип, тийиштүү үлүштөрүн өз эсебимден компенсациялап же макаланы жазгандан, баскандан регрессивдүү түрдө өндүргөнгө укугум бар болчу. Алар Басма үйүнүн ички маселелери. Мен Басма үйүнүн эсебинен Э.Мамбеталиевге төлөнгөндү өз эсебимден ордуна келтирдим. Демек, экономикалык бул маселени жаап, калганын өзүңөр өз алдыңарча чечип алгыла деп мени камактан бошотуп жиберишсе деле болмок. Анткени, мен жашым жетимишке жакындап калган, туруктуу жашаган жерим бар, буга чейин бир да жолу укук тартибин бузбаган, чакырган учурларда дайыма өз убагында келген адаммын. Анын үстүнө Кылмыш Кодексинин мага тагылган беренелеринде айып пулдар жана жеңил жазалар эле каралган. Бирок, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерден бетер мени үйүмө чыгарышпастан, камакта кармап, Басма үйүн рейдерлик жол менен тартып алганы жатышкандарынан улам Сизге кайрылууга аргасыз болуудамын.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизден бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду, жашымды жана ден-соолугумду эске алып, ага чейин үй камагына чыгарууга көмөктөшүүңүздү суранамын.

Сизди терең урматтап,

Александр Рябушкин,

“Рубикон” ЖЧКнын башкы директору, “Вечерний Бишкек” ЖАКнын акционери.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: