Menu

Фергана облусунда банктан 100 миң доллар уурдалды

Бөлүшүү:

5-февралда Элдик банктын Яъяван районундагы аймактык өкүлчүлүгүнөн 100 миң АКШ доллары уурдалды.

Маалыматка караганда, акча уурдалганы иш күнү аяктагандан кийин белгилүү болгон. Дароо эле банкта иштеген бардык кызматкерлер кармалып, түнү бою сурак берип, үйлөрү тинтүүгө алынган.

Райондук ички иштер бөлүмүнөн (РИИБ) банктан 100 миң доллар жоголгонун ырастап, бирок азырынча аны ким уурдаганы боюнча божомолдор жок экенин билдиришти.

Бул ишти облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө тобу өз көзөмөлүнө алганы кабарланууда.

Иш менен жакындан тааныш булактар банкта былтыр октябрдан бери видеокөзөмөл камералары иштебей турганын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: