Menu

Казакстанда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү истүү газга ууланып каза болду

Бөлүшүү:

Казакстандын Павлодар облусунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү — жубайлар жана эки баласы — истүү газга ууланып каза болду.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, төрт адамдын сөөгү шаршемби кечинде Баянаул районунун Узынбулак айылындагы жеке үйдө табылган. Айыл башчысынын айтымында, алар истүү газга ууланышкан.

Бийлик каза болгондордун аты-жөнүн жарыялады: Рустам Бекболатов (1979-жылы туулган), Наталья Бекбатырова (1982-жылы туулган), Динара Бекбатырова (2004-жылы туулган) жана Дамир Бекбатыров (2007-жылы туулган). Айыл тургундарынын айтымында, каза болгон аял кош бойлуу болгон.

Баянаул РИИБсинин башчысы Нурсултан Шайхин жубайлардын 1999чу жана 2002-жылкы эки кызы калганын билдирди. Анын айтымында, кыздар район борборунда окуп жүрүшкөн. «Алар Баянаул агрардык-техникалык колледжде окушат. Аларды биз убактылуу турак-жай менен камсыз кылабыз», — деди Шайхин.

Коопсуздук органдары адамдардын өлүмү фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: