Menu

Муралиев үн катып койсо боло?

Бөлүшүү:

Алтындын ширин даамын таткандар эч убакта мурдун чыгарып коомго көрүнбөйт. Анткени алардын олжосуна тийген алтындын көлөмү укмуштай чоң размерди чапчыйт. Жөн эле директорлор кеңешинин мүчөсү 85 миң долларга ээ болуп жаткан соң алардын оозунан кеп чыкмак беле? Тескерисинче оозун кемечтеп алууга аракет кылаары бышык эмеспи. Демек, Кумтөрдү канча ирет казсак да анын жегичтерин ачыкка чыгара албасыбыз белгилүү болду. Баягыл тойгончо элдин ырыскысын мойсогон шылуундар тескерисинче шыбагасын бере салып актанууга өтүштү. Бийликтин эң башындагылар деле “доляга” татыктуу болор замат унчукпай калат турбайбы? Баарынан да кезинде өкмөт башчылык креслодо чалкалап отурган
Амангелди Муралиев эмне үчүн бир ооз кебин айтып коюга жарабайт. Мунун жообу даяр, жегендер тим олтурушу кажет. Андан башка Турсунбек Чынгышев деген киши деле алтынга тишин чайкагандыр? Себеби, алгач Аскар Акаев экөө ошол чуулгандуу иштин башында турушкан. Сарыгуловдор болсо чордонунда болуп билермандык кылган. Эмнеси болсо да алтындын чырын үстүгө чындап чыгарууга жараган бийлик али күнчө жарала электиги элдин кыжырын келтирүүдө. Жаңы келген өкмөттүн деле мажирөөлүгүн көрүп туруп натыйжа чыкпасына көзүбүз жетти.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: