Menu

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Чакан мамлекеттер үчүн коопсуздугун камсыздоо өтө кыйын. Ливиянын кейпин кийип калбаш үчүн же аркы өйүзгө, же берки өйүзгө өтүү керек”

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, бүгүнкү маегибизди биздин стратегиалык өнөктөшүбүз Орусия Федерациясынын тышкы иштер министири Сергей Лавровдун Кыргызстанга болгон иш сапарына бургум келип жатат. Ушул иш сапарга утурлай Орусияга жаңыдан дайындалган Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ТАСС агентигине берген интерьвюсу жарыяланып, андагы Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орусиялык базаны ачуу тууралуу сөз кызуу талкууга негиз болуп, соцтармактарда улутчулдардын нааразы пикирлерин жаратты. Сергей Лавров, бул тема орустардын ойунда жок болгонун, сөз кыргыз тараптан чыгып жатканын айта келип, өнөктөштөрдун кандай сунушу болбосун талкуулоого даярдыгын билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жолугушууда кошумча орусиялык база тууралуу такыр кеп болбогонун айтып жатат. “Жок жерден, капкайдагы жок маселени көтөрүп, жасалма көйгөй жаратты” таризинде Аликбек Жекшенкуловду күнөөлөгөндөр да жок эмес. Ушу маселени чечмелегенге аракет кылалы. Сиз кандай дейсиз? Бул маселе жөн жерден эле чыгып жатабы (?), же бул маселе Кыргыз-Орус мамилеперинде каралуучу маселеби?

– Бул маселе асмандан, капыстан түшкөн маселе эмес. Кыргызстандын түштүгүндө кошумча орус аскердик бөлүктөрүн жайгаштыруу маселеси Бакиевдин убагынан бери каралып, талкууланып келе жатат. 2017-жылдын жайында Алмазбек Атамбаев Кыргыз-тажик чекарасына жакын аймакка Орус аскердик базасын курууну расмий сунуштаганын жарыя кылган. Айрым улутчулдар айтып жаткандай, бул Орусияга жагынуу же суверенитеттен айрылуу эмес. Бул Кыргызстандын, Орто Азия республикаларынын эле эмес, Орусиянын өзүнүн да коопсуздугуна тикелей тиешеси бар таалуу маселе.

Анткени, туш тараптан курчап, кысып келе жаткан НАТОнун негизги бутасы бул Орусия. Биз Оруска буфердик зона катары өтө керекпиз. Орустар да, ОДКБ да бизге абдан керек. Анткени азыркыдай татаал кырдаалда жалгыз, чакан мамлекеттер үчүн коопсуздугун камсыздоо өтө кыйын. Мүмкүн эмес десек да болот. Ливиянын кейпин кийип калбаш үчүн же аркы өйүзгө, же берки өйүзгө өтүү керек.

Анан тарыхий негизде ушундай болду, биз ОДКБнын курамындабыз. ОДКБ коопсуздугубузду камсыздай албай жатат деп айта алабызбы? Жок! Айта албайбыз. Украина, Грузиядай болуп Европага кошулабыз, НАТОго киребиз деген айрым жарандар мамилени бузуп, стратегиялык өнөктөштөр менен душмандашуу жеткен акылсыздык болмок. Анткени Европа алыс, биз Азиядабыз.

Анан азыр, Жакынкы чыгышта ийгиликке жетише албай бытыранды болгон согушчандарды Түндүк Ооганстанга жыйып, согуш отун Борбордук Азияга көчүрүү аракеттери бар экени жашыруун эмес. Ошондуктан ОДКБ алкагындагы өнөктөштөр бул маселени кыйгап өтө албайт. Каалайбызбы-каалабайбызбы бул күн тартибинде турган маселе.

Эртедир-кечтир бул маселе баары бир каралышы керек. Мартка белгиленип жаткан Владимир Путиндин мамлекеттик визитинин алкагында ачыкпы, жабыкпы, айтор бул маселе каралат деген ойдомун. Андыктан тажырыйбалуу саясатчы, дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкуловдун “жылаандын башын кылтыйтканы”, Сергей Лавровдун билмексенге салганы бекеринен эмес. Булар коомдук пикирди байкоо үчүн ушул кадамды атайылап жасады деген ойдо калдым.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министиринин бул тема тууралуу ооз ачудан тартынганы – анын жаштыгына, тажырыйбасы жетишсиздигине байланыштуу, “жаза басып жаңылып аламбы (?)”, деп чочулап, “ач кулактан, тынч кулак” деген позиция болду окшойт.

– Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскердик базасын куруу тууралуу сөз чыгары менен соцтармактарда талкуу башталып, каршы пикрилер айтылууда. Көпчүлүк улутчул маанайдагы жарандарыбыз суверенитетибизди жоготуу катары сыпаттап да жатышат. “Орусиянын дагы бир базасынын ачылышы менен суверендүүлүгүбүздөн ажырайбыз”дегенге кандай карайсыз?

– Азыр баары бири-бирине көз каранды болгон заман. НАТОдо доминанттык кылганы менен АКШ деле айланып келип европадагы өнөктөштөрүнө көз каранды, ОДКБда көзүр туз катары эсептелген Орусия кичинекей Кыргызстан деген өнөктөшүнө көз каранды. База үчүн жер сурайт да… Хотя ал база Кыргызстанды эле эмес, Орусиянын өзүнүн коргонуусу үчүн да зарыл. Баарыбызга керек.

Жогоруда айттык го… Азыр ушундай жаатташкан заман. Бир жагы Орус, Кытай тарапташтары менен экинчи жагы АКШ өз өнөктөштөрү менен глобалдуу тирешүү жүрүп жатат. АКШ бир уюлдуу дүйнө куруп, жалпы жер үстүндөгүлөр алардын шартына, мыйзамына карап жашоосун каалайт. Кыскача айтканда жерге толук кожоюндук кылып, жер ресурстарына толук ээлик кылгылары келет, орустар ага макул эмес, көнбөйт. Бул деген, бир тарап толук кыйрамайынча токтобос, бүтпөс, элдешкис каршылаштык. Биз ушуну эстен чыгарбообуз керек.

Анан ушундай кырдаалда көптөгөн мамлекеттер коопсуздугун камсыздоо үчүн, керек болсо, чет элдик аскердик базаларды өз жерине жайгаштырууну суранып жатышпайбы. Мисалы Чыгыш Европа, Балтика боюндагы өлкөлөр, Украина, Грузия суверенитетибиз жоголот дебей эле өзүлөрү суранып, чакырып, жайгаштырып да жатышат го?

А бизде болсо башкача кыйкырып жатышат. Менимче мунун артында улутчулдарды бетке кармаган проамерикалык күчтөр турат. Алар алдын-ала ОДКБнын алсырашын, ынтымагы ыдырашын каалап, АКШнын тегирменине суу куйуп жатышат десек болот.

АКШ негизги каршылаш катары Иран менен Түндүк Кореяга катар Орусия менен Кытайды кошо белгилеп, тирешүү күч алып турган маал. Ага кошул-ташыл болуп АКШ менен Орусия кыска жана орто аралыкка учуучу ракеталар бонча келишимден чыгышы абалды ядролук согуш коркунучуна кептеп, абал ого бетер курчуп кетти.

Азыр эки тарап тең кыйырларын бекемдөө менен катуу алектенип, душман кол салуусу мүмкүн деген багыттарды чыңдоого киришти. Кыргызстандын түштүгүнө кошумча аскердик күчтөрдү жайгаштыруу актуалдуулугу да ушу кырдаалга байланыштуу кайрадан жанданды десек болот.

Анан ушундай жагдайда, Орус менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык регион катары эсептелген Кыргызстан НАТОго кошулам десе, же кандайдыр бир өнөктөштөргө зыян алып келе турган кадамдарга барса, ал иш коңшулар, айрыкча ОДКБ боюнча өнөктөштөр тарабынан душманга колтук ачкан катары бааланары шексиз.

Андай саткынчылыкка баруу жоопсуз калбайт, коңшулар менен карым катнаш бузулуп блокадага кабылуу менен Кыргызстан душман чапкандан да жаман жабыркап калышыбыз мүмкүн. Казактар чек араны жапканда эле канча көйгөй жаралганы унутула элек. Муну айтуу менен биз коркутуу, же көз карандылыкка моюн сунуу керектигин тануулап жаткан жерибиз жок. ОДКБ курамындагы өлкөлөр бир кайыкта экенибизди, баарыбыз бири бирибизден көз каранды экенибизди, бири бирибиздин кызыкчылыгыбызды сыйлоо, биримдикти сактоо менен гана учур сыноолоруна туруштук бере алаарыбызды айткыбыз келип  жатат.

Ошондуктан стратегиялык өнөктөштөрдүн аскерин өз аймактарыбызга жайгаштырууну тетирисинче (же, маселен чыгыш европалыктарча) суверенитетибизди сактоого аракет катары баалаганды да үйрөнүшүбүз керек. Эчтеке кереги жок деп бакыра берсек, же өз күчүбүз жетпесе, анан Ливиядай болуп кыйрап калсак, ошондо жоготуп атпайбызбы суверенитетибизди…

-Эми Батышка, Америкага үндөгөндөр негизинен алардын өнүккөн экономикасын, демократиясын, жарандарынын жашоо шартын мисал кылып, “алардыкы туура жол, ошон үчүн аларга кошулушубуз керек” деп жаткандарын да түшүнүшүбүз керек го?

– Батыш демократиясы, базар экономикасы, адам укуктарынын сакталышы, саясаттагы, экономикадагы ачык атаандаштык, адилет сот системасы экономиканын дүркүрөп өсүшүнө алып келээрин далилдеди. Ошон үчүн алардын экономикасы биринчи орунда, аскердик бюджети орустукунан 11 эсе көп. Бейпил, бакубат жашоону эңсегендердин баары ошол жакка баргысы, ошондой жашоодо жашагысы келет, уурулар, байлар баары акчасын ошол жака ташып, ошол жакка катат.

Ал бизде – мурунку соцлагер курамынан чыккан жаш мамлекеттерде кандай? Биз деле алар салган жолго түштүк. Коммунистик идеологиядан баш тарттык, жеке менчикти кабылдадык, демократиялык нормаларды кабылдап, базар экономикасына багыт алдык.

Тилекке каршы 70 жылдык коммунистик, тоталитардык эксперименттин кесепетинен улам, жаңы шарттарга шайкеш жашоону өздөштүрө албай, коррупция, кылмыштуулук, аракечтик, жалкоолук менен күрөшө албай сазга батып, бирок ошого карабастан багытыбызды өзгөртпөй жанталашып жатабыз да. Жетебиз Кудай буюрса. Бирок тигилер жеткизбейбиз, талкалайбыз деп жатканы жаман болуп атпайбы.

Бизде, мыйзамдык негизде демократиялык коомго ылайык нормалар киргизилип бүттү десек болот. Эми элибиздин ошол мыйзамдарга ылайык жашоосун улантып, экономиканы көтөрүү кезеги да келе жатат. Дагы бир эки муундан кийин биз дагы туура жолго түшүп, адамча жашообузду курганга жетишебиз деген ишенич бар. АКШ 300 жылдай убакыт өз жеринде согуш көргөн жок, Европа 400 жылда демократиялык нормаларды орнотуп, элинин канына сиңирди.

Эми биз “велосипед ойлоп чыгаруу зарыл эмес” кырдаалда болгондуктан 400 жыл убара болбой 40-50 жылда демократия орнотуп алсак да жаман эмес. Эми Батышты эңсеп, кетип аткандарды токтото албайбыз. Ал жакка баарыбыз да кетип кала албайбыз, алар да бизди күтүп аткан жок. Жаап атат чек арасын. Биз өз жерибизде жашап, ушул жерде бакубат жашоо куруп, келечек муундун камын көрүшүбүз керек. Ал үчүн бирөөлөрдүн жеңил жашоосуна көз артпай, өзүбүз курушубуз, өзүбүз жетишибиз керек ийгиликке.

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: