Menu

Тажикстан гимнинин авторунун иниси экстремизм айыбы менен түрмөгө кесилди

Бөлүшүү:

Душанбе шаарынын соту Тажикстандын улуттук гимнинин сөзүнүн автору, Эл акыны Гулназар Келдинин иниси Икбол Келдиевди 14 жылга эркинен ажыратты.

28 жаштагы Икбол Келдиев тыюу салынган «Ансоруллох» экстремисттик тобунун мүчөсү болгон жана Ооганстанда талибдердин катарында согушкан деп күнөөлөнгөн. Сот жараяны жабык өтүп, ага айыпталуучунун туугандары киргизилген жок.

Икбол Келдиев 2018-жылдын аягында Тажикстанга ооган түрмөсүнөн экстрадицияланган. Ал 2015-жылы талибдер менен чогуу Кундуз провинциясында кармалган, анын жанында жасалма ооган паспорту болгон. 2016-жылы Ооганстан соту Келдиевди жалган документ жасоо, өкмөткө каршы күчтөрдун катарында согушуу айыбы менен 16 жылга түрмөгө кескен.

Келдиев Душанбеген кайтарылгандан кийин Тажикстандын Кылмыш кодекси боюнча кайрадан сот жараяны өттү. Өкүм күчүнө кирди, ал өлкөдөгү колониялардын биринде жазасын өтөп жатат.

​Ихбол Келдиевдин агасы, Тажикстандын Эл акыны Гулназар Келди ал чындап эле узак мөөнөткө эркинен ажыратылганын тастыктады.

«Икбол – менин иним. Ал Орусияга иштегени кетип, экстремисттик топтордун таасирине кабылган. Пакистанга барып, жаракат алган, андан соң Ооганстанга жер которгон. Ал күнөөсүн мойнуна алды, өкүндү», – деди Гулназар Келди.

Икбол Келдиевдин туугандары мунапыска үмүт артышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: