Menu

Франция президенти Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышпай калды

Бөлүшүү:

Франция президенти Эммануэль Макрон Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 15-17-февралда өтөт.

Бул тууралуу Suddeutsche Zeitung басылмасы билдирди. 16-февралга белгиленген Макрон менен Германия канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу болбой калды.

Расмий маалыматтар боюнча Макрон иш графигинин тыгыздыгынан жана Франциянын ички көйгөйлөрүнө көңүл буруу зарылдыгынан иш-чарага катыша албайт. Ошол эле маалда ММКлар буга орусиялык “Түндүк агым-2” газкуурунун курулушуна байланыштуу Париж менен Берлиндин ортосундагы кайчы пикирлер себеп болуп жатканын жазышты.

Бейшембиде Франция ТИМи Париж “Түндүк агым-2” долбооруна тиешеси бар европалык газ директивасына киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттоого ниеттенип жатканын тастыктаган.

“Түндүк агым – 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет.

Ал – Орусия Германияга түз жеткире ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

“Түндүк агым -2” долбооруна Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: