УКМКнын абагында жаткан Дүйшөнбек Зилалиев сотко чейин жогору жактагы чиновниктерге каршы бир топ компроматтарды чыгара турганы каңкууланууда. Ал түрмөдө жатып алып эле сырттагы «аба ырайын» өзгөртүүгө шымалана киришкени байкалууда. Биринчи соккусу коопкеңештин катчысы Дамир Сагынбаевге боло турганы, коррупциялык иштерге аны да чырмап, өзү менен кошо ала жыгылабы? Дал ушул жаатта дагы бир катар чиновниктердин аттары аталып, жакында кызык сенсация чыкчудай болуп турат. А ким билет? Балким, Зилалиевге карата коркутуулар, же «соодалашуулар» болушу мүмкүнбү? Албетте, ар кандай нерсени күтүүгө болот. Эң башкысы, бизге коррупция менен күрөштө ачыктык керек эле. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өзү кайсы бир күмөндүү иштерге шектеле баштаса, анда элдин бетин кантип карашат?..
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ