Menu

Нурдин Калыков, «Чүй ордо» коомунун төрагасы: «Өздөрү жашынып алышып, алдыга элди чыгарган саясатчыларга каршыбыз»

Бөлүшүү:

– Нурдин мырза, «Чүй ордо» коому тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

– 2009-жылы «элибизди кантип бириктирсек, регионго, түндүк-түштүккө бөлүнбөй, кантип ынтымакка тартсак?» деген ойлорубуз бар болчу. Анан 2010-жылы Ылдыйкы Маевкадагы, Кара-Жыгачтагы чыр-чатактуу окуялар биринчи түрткү болгон. Балдардын ынтымагын ошондо көргөм. Демилге көтөрүшүп, ошондо чогулуп, коом түзгөнбүз. Биздин аксакалыбыз Тургунбек Кулмурзаев, анын кеңештерин алып турабыз.

– «Чүй ордо» коому канча аймакты камтыйт?

– Биринчи биз Аламүдүн менен Ысык-Ата, Сокулук райондорун бириктирдик. Алгач өзүбүздүн айылыбыздан баштаганбыз. Андан кийин бүт райондордон балдар демилге көтөрүп чыгышты. Чогулуп, жыйын өткөрүп, атын кандай коюуну кеңештик. «Чүй ордо» деген аталышка токтолдук. «Өзүбүздүн арабызда «Чүй» деп бөлүнгөн жокпузбу?» деген сөздөр да болбой койбоду. «Борбор шаарыбыз Чүйдө жайгашса, өзүбүз чүйлүк болсок, кой, өзүбүздүн райондон баштайлы» деп демилге көтөргөнбүз. Уставдарын даярдадык. Биринчи ишти ынтымактан баштадык. Себеби, өзүңөр билесиңер, Чүй көп улуттуу облус. «Эч кандай саясатка аралашпайлы» деп спорттук иш-чараларды уюштурдук. Жетимиштен ашуун айыл чогулду.

– Сооронбай Жэээнбеков калыс болуп, түндүк-түштүк балансын сактоого аракет кылып жаткансыйт. Анда эмне үчүн эл ичинде түндүк-түштүк ажырымы боюнча сөз кетип атат? Мындайча айтканда, кылдан кыйкым издегендик эмеспи?

-ООба да. Сооронбай Шарипович негизи ишин жакшы баштады. Ою да дурус. Бийликтин тазалыгы, коррупцияга каршы күрөшүү жагынан алгылыктуу демилгелер жүрүүдө. Жеп-ичкендерди кустуруу керек. Мисалы, Илмиянов, Зилалиевге окшогондордун жазалануусун көпчүлүк күтүүдө. Ал эми президентке убакыт бериш керек. Аракет кылууда. Иши элге да көрүнүп калды. Жалгыз бир нерсе – кадр жагынан көйгөйлөр жаралууда. Президент Жээнбеков менен премьер Абылгазиев кеңешип, бул жагын кечеңдетпей туура жолдо чечерине ишенем.

– «Чүй ордо» коомунда спорттун баардык түрүнө катышкандар, улакчалар да бар экен. Саясый бир окуя болсо деле ушул балдар аралашат да. Бул жагын экс-президент Атамбаев деле көрүп атса керек. Сиздерге ал тараптан чакыруу болгон жокпу?

– «Кызматташалы, жардам берели» деген чакыруулар, сунуштар болгон. Балдар барса баргандыр, жеке мен барган жокмун. Мен төрага болгонум менен башкалардын баарын көзөмөлдөп жүрө албайм да. Бирок, коомду түзгөндө эле «биз саясаттан алыспыз, бир да партияны колдобойбуз» деген принципти койгонбуз. Айта кетчү нерсе, мүчөлөрүбүз жалаң эле чүйлүктөр эмес. Баардык региондордон өкүлдөр бар. Жыйыныбызды Көлдө өткөздүк, бир жолуЖалал-Абадга барып келгенбиз. Ош, Нарын менен да байланыш бар.

– Эгер элдин тынчтыгын бузган аракеттер болсо, сиздер башаламандыкты токтотууга чыгат турбайсыздарбы?

– Ооба.

– Бекназаров, Дүйшөбаев, Каптагаев сыяктуу буга чейин бийликте жүргөн саясатчылар курултай өткөрүп, Кумтордү улутташтыруу ж.б. саясий  талаптарды коюп жатышат. Элдин булар тууралуу пикири кандай?

– Курултайды көрбөдүкпү. Баягы эле саясатчылар, баягы эле эски жүздөр. Элдин алар тууралуу пикирин ачык эле айтайын, жакшы эмес. Эл алардан тажап бүтүштү. «Эгинге түшкөн чегиртке же чырмоок сыяктуу болушпай, жоголушпайбы! Бийликте отурганда эч нерсе чечишкен эмес. Элдин атынан сүйлөгөндөй булар ким?» деп атышат. Мен Сооронбай Шариповичке айтар элем, эл шайлагандан кийин «Кыргызстанды гүлдөтөм» деп баардык милдеттерди мойнуна алгандан соң, булардан коркпой эле өз ишин жасай бериш керек. «Отчет бергиле» деп талап кылуу азырынча эрте. Бир жылда ким эле чоң иштерди жасай алат? Ошол эле Мадумаровду айталы, же башкасын алалыбы, эч ким эч нерсе кыли албайт кыска убакытта. Тескерисинче, талашып-тартышпай президентке жардам беришпейби. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын  көздөп жатышат. Кыргызстанды эч кимиси ойлогон жок. Кумтөр жөн эле шылтоо. Бекназаров, мисалы, орус тилин көтөрүүдө. Эмне, орус тили бирөөгө жолтоо болуп атабы? Орустарга, жеке Путинге рахмат айтыш керек. Канча карызыбызды кечип ийишти. Акысына бизден бирдеке сурап атабы? Россиянын шарапаты менен бизде туруктуулук сакталып турат. Канча балдарыбыз Россияда акча таап, канчалаган каражат Кыргызстанга түшүрүп атышат. Президент буларды эмес, элди угушу керек. Баарына жагыш кыйын.

– Анда түштүккө дагы бир аскер базасы ачылганы туура болот дейсизби?

– Негизи туура. Баткенге ачыш керек. Дагы бир база ашыктык кылбайт. Тескерисинче, туруктуулукка өбөлгө болот. Баткенге аскер базасы ачылса, ижарасын төлөп, биздин канчалаган аскерлерибизди окутуп, үйрөтүшөт эле. Аскер базасы жалгыз эле Кыргызстанга эмес, жалпы Борбор Азияга туруктуулук алып келет. Экстремизм, терроризмге ишенимдүү бөгөт коюлат. Андыктан, Бекназаров орус тилине тийишпесин, саясат кылбасын. Орус тилин билген балдарыбыз баардык жагынан жеңилдик алышат. Ал эми Кумтөр болсо, бул өткөн этап. Ал бир күн жабылат, канадалыктар кетет. Бул маселени көтөрүшпөй башында кайда жүрүштү эле? Келишим түзүлүп атканда көтөрсөңөр болбойт беле маселени? Айттым го, курултайчыларга чыр чыгарганга эптеп эле бир шылтоо керек болуп аткандай…

– Жакында эле Бишкекте митинг болду. Эгер жазда ушундай акциялар кайра башталчу болсо, сиздер кандай реакция кыласыздар?

– Туура, кытай боюнча проблема бар. Бирок, бизде эле эмес да. Кавказда, Россияда деле чыгып атат. Эгер биздин өкмөт ошол көйгөйдү жашырбай, элге өз учурунда айтып, маалымат берип турганда чыр-чатактар жаралбайт болчу. Аныгында, маселе митинг менен чечилбейт. Биз сырттан карап турбадыкпы, сүйлөнгөн сөздөрдү, чакырыктарды уктук. Мындай акциялардын кайталанышына биз каршыбыз. Алдыга элди чыгарып коюшуп, өздөрү жашынып отурушкан саясатчылардын тизгинин тартыш керек. Эл ичиндеги тынчтыкты сактоого аракет кылалы.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: