Өзүн «кыргыздын деми» деп атаган ырчы Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнү белгилүү. Мурун балдары үйү менен кошо жолдошунда калгандыгын айтканы бар. Эми ал балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында сотко кайрылгандыгын айтат:
«Балдарымды, үйдү өзүмө алуу үчүн сотко кайрылгам. 5-февралда 1-сотубуз болду. Бирок балдарымдын атасы балдарды дагы, үйдү дагы бербей жатат. Сотко дагы келген жок. Эмнеге келбегендигин сураган жокмун. Соттук иштин акырына чейин барам. Балдарымды өзүмө алмайынча акырына чейин күрөшөм. Ал үчүн менин кудуретим, акчам, билимим жетиштүү. Негизи балдар энеси менен болушу керек. Буюрса, 2-сот бир жумадан кийин болот», – дейт Гүлзат Мамытбек.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ