Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Аалы Карашев экономика министри Олег Панкратовду инвестиция тартуу көлөмүнүн кескин түшүп кетишине өз күнөөсүн моюнга алууга чакырды. «Сиздин айтканыӊызга караганда, дүйнөлүк каатчылык, кытай, парламент жана башкарлар күнөөлүү тура, кыскасы, сизден башканын баары күнөөлүү экен. Өз күнөөӊүздү да сезишиӊиз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу инвестициянын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун тоо-кен тармагына тартылып жатканын, агенттиктин бюджети 22 млн сомду түзөрүн билдирди.
«Мамлекет агенттикке 22 млн сом бөлсө, агенттик 3 млн сом киреше киргизет экен, демек силер мамлекетти 7 эсе чыгашага учуратып жатыпсыӊар. Анда мындай агенттикти кармоонун эмне кереги бар? Биз инвестицияларды коштоп жүрөбүз дейсиӊер, коштоп эмне кыласыӊар? Мисалы, сиз Novotel мейманканасынын курулушуна жабышып жатасыз, ал ишти башкалар жасап жатпайбы», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ