Menu

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: “Кыргызстандагы 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу революцияны Россия жасаган”

Бөлүшүү:

Дүйнөдө “революцияларды” кимдер жасайт ?

Бүгүн Кыргызстанда Николас Мадурону, Каракас — Венесуэланын борбору экендигин жана Мадурону циник америкалыктар кулатууну эңсеп жатышканын баары билишет. Муну орусиялык ЖМКда венесуэл тематикасы башкы орунга чыгып жаткандыгынан улам баарыбыз билип атабыз. Анын үстүнө биздин өлкө толугу менен россиялык маалыматтын таасиринде тургандыктан, биз дүйнөгө россиялык саясатчылардын көзү менен караганга мажбурбуз.
Анан калса гезиттердеги материалдар бир кылка мазмунда, эң башкысы — ар кыл саясий ток-шоуларда — көчүрүп койгондой окшош. Кесипкөй үгүтчүл машина биздин мээбизге «АКШ тарабынан уюштурулган латынамерикалык майдандагы мамлекеттик төңкөрүш» жөнүндөгү, «АКШ интервенциясы», «АКШнын башка мамлекеттердин ишине уят-сыйытсыз кийлигишүүсү» сыяктуу жана башка тезистерди сиңирип жатат.
Скабеев-Попов-Соловьев сыяктуулардын бирин бири кайталаган бир беткей «хорунда» россиялык спикерлердин дагы расмий билдирүүлөрү угулуп калууда. РФнын премьер-министри Дмитрий Медведев @MedvedevRussia деген сайтында 24-январь күнү: «Мыйзамсыз методдор менен жакында эле шайлоолордо жеңип чыккан мамлекет башчысын бул адамдын тигил же бул өлкөлөргө же болбосо саясий күчтөргө жаккандыгына же жакпагандыгына карабастан бийликтен кетиргенге эч кимдин укугу жок» — деп жазды.
Эгерде Кыргыз Республикасындагы 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларды эске салсак, муну мен Россиянын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн «экилик стандарттардын» хрестоматиялык мисалы деп айтат элем. Тактап айтканда, 2010-жылы Россия Бакиевди «алып түшкөндө» Кремль мындай укукка ээлик кылып, жогорудан берилген эрежеден тышкаркы нерсе болгон шекилдүү. Себеби, эгерде 7-апрелдеги окуяларды кыргыз коомчулугу үчүн демейдегиден тыш мифтештирүүдөн четтеп, фактыларга гана таянсак, анда 2010-жылы дал ошол Россия өзүнүн көзөмөлүндөгү кыргыз оппозициясын жана «жашыл адамчаларды» колдонуу менен Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштү жасаган. Бул тууралуу кыргыз коомчулугунда кеп болбойт. Ошондой эле, 1916-жылдагы каргашалуу окуялар тууралуу соңку мезгилдерге чейин үн катылбай келген өңдүү эле унуткарылып калган. Анткени менен, миллиондон ашуун кыргызстандыктар Россияда жашап, мигрант болуп иштеп келишкендигине карабастан, эгерде биз акыйкаттыктын салтанат курушун эңсесек жана алдыга жылууну кааласак, 2010-жылдын кандуу апрели жөнүндө чындыкты айтууга убакыт келди, себеби баары бир эртеби же кечпи бардык купуялуулуктар ачыкка чыкпай койбойт.
Анткени, 2011-жылы эле КРнын бийлиги 2010-жылдын 7-апрелиндеги «тынч митингдердин» катышуучуларынын колдорунда эң көп сандагы ок атуучу куралдар болгондугун моюндарына алышкандыгы жашыруун эмес.
Расмий маалыматтарга ылайык, ошол кандуу күнү куралдуу мамлекеттик төңкөрүштүн катышуучуларынын колдорунда 511 бирдик ок атуучу курал, мунун ичинен 250сү «Макаров» пистолети болгон. Буга кошумча «бытыралар», «майда калибрлүү мылтыктар», «32 калибр» аңчылык кылуучу мылтыктар, бычактар жана орточо барскандар, 19 гранатомет, 14 снайпердик «Драгунов» мылтыктары, 6 кол менен атуучу Калашников пулеметтору болгон.
Расмий маалыматтарга таянсак, курал-жарактын 46 пайызы кайтарылган. «Тынч демонстранттар» мамлекетке БТР, БМП жана БРДМди, ошондой эле, бир нече ирет ок чыгарылган 9 СПГ — станкалык танкка каршы гранатомет, мындан тышкары, ГП — подстволдуу төрт гранатометтун экөө кайтарылган.
Калктын колунда «Владимиров» танкалык пулеметунун броня тешүүчү-өрттөөчү октору менен (600 бирдик) көп сандаган патрондору, болот жүрөкчөлөрү жана абдан чоң кыйратуучу күчкө ээ аскердик заряддары бар танкалык броня тешүүчү-өрттөөчү октор болгон. Андыктан, биз чындыкты канчалык жашырып, унчукпасак, биз ошончолук жарылуу коркунучуна ээ кырдаалда жашообузду уланта беребиз.
Баарыбыз Убактылуу Өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн ооздорунан «апрель революциясынын убагында» жана ага чейин жана андан кийин ар бир, ал тургай райондук УКМК башкармалыктарында отурган россиялык чекисттер жөнүндө айтышкан маалыматтарды кулагыбыз чалып, маалымат тарап кеткенине, ошондой эле, Атамбаевдин ага кымындай коркунуч туулганда дароо «каяккадыр жашырып жөнөшкөн» россиялык күзөтчүлөрүнүн взводу жөнүндө (ошол эле убакта жакында эле россиялык ЧВКнын Алеша Мадурого жардам көрсөтүүгө жөнөтүлүшү ойго түшөт) күбө болгонбуз.
Бирок, геосаясатта күтүүсүз күтүүсүздүктөр болбосо дагы кандуу окуялардын алдыңкы күнү россиялык элчинин өз резиденциясынан россиялык Кант авиабазасына «күтпөгөн жерден» орун которушу күтүүсүз дал келүү дейли. Анын үстүнө эгемендүү Кыргызстандын иштерине тышкы кийлигишүүнүн пайдасына саясий оппозицияны башкаруу механизмдери, анын аракеттерин финансылык колдоо жана өлкө жарандарынын социалдык маанайлары жана коомдук пикирлер менен, мунун ичинде чет элдик (биздин жагдайда россиялык) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу манипуляциялоо сыяктуу көптөгөн күбө болуучу далилдер бар экендигин биз тана албайбыз.
2010-жылдын 7-апрелине чейин Кремль тарабынан бекитилген Бакиевдерди жана анын айланасындагыларды дискредитациялоо боюнча маалыматтык кампания аудиторияны тартуу жана алдамчылык масштабы боюнча мурда-кийин болуп көрбөгөндөй болду. Ал гана эмес түздөн түз Кыргызстандын аймагында тартпаган ЖМК дагы тартылды. Бул мигранттар үчүн эсепке алынган болушу ыктымал. Кыргыз оппозициясы анда Кремль менен өз байланыштарын жашырган эмес. 7-апрелдин алдыңкы күнү ошол кездеги оппозициянын лидерлеринин бири Темир Сариев журналисттерге РФнын ошол кездеги премьер-министри Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн жана Бакиевге каршы чыгууларды колдой тургандыгын белгилеген. Эгерде биздин саясатчылардын өз мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүп айтуу жолу менен өз беделин жогорулатуу адатын эске алсак, Сариев Путиндин өзү менен жолукпаса дагы, кыргыз оппозиционерлеринин мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык боюнча Кремлде “олуттуу геосаясий маселелерди чечкен” адамдар менен жолугушуусу болуп өткөндүгү толук ыктымал.
Бүгүнкү күндө Россия Американын жана башка бир катар өлкөлөрдүн Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу деп өзүн жарыялаган Хуана Гуайдонун легитимдүүлүгүн таануусун зекип жатат.
Ал эми Кыргызстандагы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөттү биринчи болуп Москва тааныгандыгы боюнча фактыны кайда алып барабыз? Анан калса, бул Кремль үчүн болуп көрбөгөндөй тез ылдамдыкта жасалган.
7апрель күнү, саат 11–00 дө, Владимир Путин “Кыргыз Республикасында төңкөрүш болду, ага Россиянын эч бир тиешеси жок”, — деген Россиянын телеканалдарынан айтылган сөздөрүн, Путиндин көрөгөчтүгү деп эсептеп коёлу, анткени, ал убакытта Кыргыз Өкмөтү жана Президент дагы эле Ак үйдө эмне кыларын билбей олтурушкан.
Андан да, 8-апрель күнү эртең менен, ал тургай Бакиев өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын расмий түрдө тапшырып бере электе эле Путин Роза Отунбаева менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Кыргызстандагы бийликтин алмашуусунун Москва тарабынан таанылышына Дмитрий Песков: “Владимир Путин Отунбаева менен элдик ишенимдеги өкмөттүн башчысы катары сүйлөшкөндүгүн баса келтирүү маанилүү” деп басым жасап жарыя кылган.
Айтмакчы, сүйлөшүүлөр россиялык тараптын демилгеси менен жүргөн. Бул дагы Кыргызстанда болуп өткөн окуяларга Москванын ашыкча кызыгуусунун ачык-айкын күбөсү болуп саналат. Жана дагы…
Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу кылып “көчөдөн келген адамды” “дайындашкандыгы” үчүн Батышты зекигендей. Анткени менен Хуан Гуайдо Боливариан Республикасында толугу менен мыйзамдуу түрдө парламенттин төрагасы кызматын аркалап турат. Тагыраагы Володиндин кесиптеши. Айтмакчы, Кыргызстандын өзүн өзү жарыялаган Убактылуу Өкмөтүнүн көпчүлүк мүчөлөрүнөн айырмалуу. Ал эми булар ырасы менен апрель төңкөрүшүнүн учурунда “көчөдөн” келген адамдар болушкандыгы баарына маалым.
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын стихиялуу эмес, жергиликтүү оппозициянын күчтөрү менен уюштурулгандыгын күбөлөгөн түз дагы, кыйыр дагы далилдер көп.
Ал гана эмес байкаганга анчалык деле маанилүү эмес, бирок, иш жүзүндө көп нерсени айтып турган Таластан алынган эпизод. Эгерде Таластагы 6-апрелдеги окуялар бардык тараптар үчүн күтүүсүз окуя болгон деп ынандыргысы келгендерге ишенсек, анда Бишкектен жүздөгөн чакырым алыстыктагы россиялык федералдык каналдардын съемкага тартуучу тобунун дал болуп жаткан окуялардын чордонуна келип калган фактысын кандай түшүндүрүүгө болот? Болгондо дагы 1-каналдын. Анын керек болсо Кыргызстанда кабарчылык пункту дагы жок эле го. Телеканалдардын өкүлдөрү качан жана кайда болушу керектиги тууралуу алдын ала кабарлангандыгы менен гана түшүндүрүүгө болот. Демек, кимдир бирөө эмне качан конкреттүү түрдө боло тургандыгы тууралуу алдын ала билгендиги анык.
Апрель «революционерлеринин» «биринчи толкуну» азыркы тапта бийликте эмес. Жана бул чындыкка жок эле дегенде бир кадам жасоого мүмкүнчүлүк берет. Чындыкты казып чыгуудан коркпогон жана дүйнө жүзүнө Ала-Тоо аянтында адамдарды ким атты? Эмне үчүн мынча көп курмандыктар болду? — деп тайсалдабай бетке айта турган жигиттер чыгышы керек.
Азырынча телевизорду бурап, россиялык ЖМКнын Батыш тарабынан эл аралык бардык нормалардын жана эрежелердин бузулуп жатышы жөнүндө, Американын башка өлкөлөрдүн иштерине уят-сыйытсыз кийлигишүүлөрү жөнүндө, батыштын Россияга каршы үгүт иштери өңдүүлөр жөнүндө кезектеги үгүт-насыят программаларын угалы.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист
Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: