Menu

Бийликтегилер элге түйшүк таап берди

Бөлүшүү:

Жаңы жылга чейин иштеп жаткан “Салык эместик төлөмдөр мыйзамы” боюнча, эгер сиздин нотариуста ишиңиз болсо акчасын (госпошлина) төлөп керектүү ишеним кат же документти күбөлөндүрүп кетчисиз, ошондой эмес беле. Анда, сиздер берген акчаны нотариус өзү бир жумада бир жолу банкка төлөп койчу экен. 2019- жылдын 1-январынан тарта ишке кирген “Салык эместик төлөмдөр жөнүндөгү Кодекстин” 140-беренесине ылайык эми нотариустагы ишиңди бүтүрүш үчүн: ириде нотариуска барып, төлөмдүн баасын билип, анан банкка барып кезек күтүп тиешелүү акча төлөп, квитанция менен кайрадан нотариуска келип ишеним кат (доверенность) же керектүү документиңди күбөлөндүрүп алат экенсиз… Мындайча айтканда эми нотариустун жумушу банктын иштешине көз каранды болуп калды. Ал эми банктар аптада 5 күн иштейт, акчаны саат 15. 30 га чейин гана кабыл алат. Саат 16.00дөн кийин нотариустагы ишиңизди бүтүрө албайсыз. Ишемби, жекшемби күндөрү иштебейт. Кокус сиздин ушул эс алуу күндөрү нотариуста шашылыш ишиңиз болсо аныңыз ишке ашпайт. Мурда жеке нотариустар ишемби, жекшемби күндөрү каалашса 24 саат бою иштей беришчү. Азыр андай болбой элге түйшүк жаралды.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: