Кыргызстандын тышкы карызы 4,7 млрд. доллардын тегерегинде экенин расмий булактар айтып эле келатат. Эгемендик алган жылдардан бери 9 млрд. долларга жакын карыз алганбыз. Кайтарымсыз карыздарыбыз деле бир топ болду. Кечип койгону да бар. Тилекке каршы, айрым карыздарды кайтарууга милдеттүүбүз.
2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 28 миллиард 327 миллион сом бөлүү пландалып жатат.
Бул сумма казынанын киреше бөлүгүнүн бештен бирин түзөт. Белгилей кетсек, 2019-жылы мамлекеттин киреше бөлүгү 151 миллиард сом болоору айтылууда. Мамлекеттик карызды төлөө жылдан-жылга өсүп жатат. Былтыр ал 20,6 миллиард сом болсо, 2021-жылы 36,5 миллиард сом карыздарды төлөөгө жумшалат. 2018-жылдын октябрь айынын аягына алынган маалымат боюнча мамлекеттик карыз 308,5 миллиард сом же 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү тышкы карызга туура келет.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ