Menu

Темир Сариев журналисттерге да спортсмендерин жөнөтүп, “разборка” жасаткан

Бөлүшүү:

2011-жылы күзүндө “Алиби” гезитинин журналисттери “Солто” коому өзүнүн төрагасын шайлоо учурунда Темир Сариевдин талапкердигин “таза солто эмес” таризинде артка түртүп, лидерликке “накта солто”, генерал Кубат Кожоналиевди шайлашканын билдирген куш тилиндей кабар жарыялашкан.

Гезит чыгары менен Темир Сариевдин он бештей спортсмендери “Алиби” гезитинин редакциясына келишип, журналисттерди коркутушуп, “разборка” жасашкан. Ал эми Темир Сариев өзү: “Мен накта солтомун! Силерди сотко берем!” деп кыйкырган. Анда журналисттер “Солтонун кайсы уругунан болосуз?” деп сурашканда Сариев “Жоо чалыштан!” деп бакырат. Эринбеген журналист Адилет Айтикеев ошондо “Жоо чалыш” уруусунун келип чыгышын иликтеп, көлөмдүү макала жарыялаган.

Адилет Айтикеевдин ал макаласы азыр да ачык булактарда жарыяланып турат. Журналист дүйнөлүк аты бар этнограф Саул Абрамзондун кыргыздар тууралу илимий эмгектерине таянып, цитаталарды келтирип, “Солтонун ичиндеги Жоо чалыш уруусу кыргыздар жоо чапканда (калмактарды), жеңилген тарап кыргыздарга белек катары берген туткундардан кыргыздарга ассимиляцияланган” деген корутундусун жарыялаган. Макаланын акырында журналист “Темир Аргенбаевич, эми сотко бергиңиз келсе журналисттерди эмес, дүйнөлүк аты бар этнограф Саул Абрамзонду сотко бериңиз!” деп жыйынтыктаган.

Кечээ эле депутат Элвира Сурабалдиеванын “2005-жылы менин атамды атып өлтүрүп кетишкендин эртеси эле ошол кездеги депутат Темир Сариев спортсмендерин жөнөтүп, биздин кызматкерлерди сабатып, бизнесибизди тартып алганы аракет кылган. Мени өзү “мен депутатмын, сен кимсиң, баары бир тартып алам” деп коркуткан. Сокулуктук аксакалдар ортого түшүп, Сариевди токтотушкан”  дегенин танып жаткан Сариев журналисттер менен болгон “разборкасын” да танып жибереби,  көрө туралы.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: