Menu

Атамбаевдин күнү Текебаевге түшүп калганда…

Бөлүшүү:

Учурда мурунку ажо Алмазбек Атамбаевдин айласы куруп турган кез. Жанында жүргөн жан-жөкөрлөрдүн баары тескери карап качып кеткенине күбө болуп келебиз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, айласы кеткен экс-президент бир кезде түрмөгө өзү тыккан Өмүрбек Текебаевге «жуучу» жиберип жаткан кербези экен, кечирим сурап: «Сени мен каматкан эмесмин, мунун баарын кылган ошол кездеги УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев. Ошонун бал тилине кирип кетиптирмин, алданыптырмын» – деп болушунча актанып атыптыр.

Албетте, Сегизбаев ошол кездеги түздөн-түз мамлекет башчысы, өлкөнүн президенти буйрук кылмайынча Текебаев сыяктуу ири саясий фигураны камай алмак эмес. Аны Текебаев өзү дагы эң жакшы түшүнүп жатат. Экинчиден, убагында ал үчүн жан дили менен кызмат кылган Сегизбаевдин адамдарды четинен сатып кеткен Атамбаевге эми ким ишенет?

Эми Атамбаевдин Текебаевден «кечирим суроо» аракетинин аркасында эмне жатканын айтпаса да белгилүү эмеспи. Дегенибиз, Текебаев чыга турган күн жакындап калды. Мындан улам, ал чыкса ага көргүлүктү көрсөтөөрүн сезип, алдын-ала кечирим сурап, айласын таппай жаткан учуру деп баамдасак жаңылышпайбыз.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: