Кечээ, 10-февралда түнкү саат экилерде Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-февралдын түнү маркум жолдошу менен «Мерседес-Бенц» унаасында батышты көздөй катуу ылдамдыкта баратып, Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде жол четиндеги мамыны сүзүп, кырсыкка учураган. Унаада маркумдун жолдошу жана кичинекей баласы болгон.
Кырсыктын натыйжасында айдоочу, 1987-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран жана анын 6 айлык кызы жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочунун жубайы, 1991-жылы туулган Жайнагүл Тазабекова окуя болгон жерде көз жумган. Сокку Жайнагүл Тазабекова отурган жерге туш келип, ал башынан катуу жаракат алган.
Ал Кыргыз-түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, КТРКда, “Пирамида” телеканалында жана “Биринчи радио”, “Санжыра” радиолорунда журналист болуп эмгектенген.
Маркум Жайнагүл Тазабекованын артында 6 айлык кызы калды.
Милиция кырсыктын чоо-жайын териштирүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ