Menu

Орусиянын тургуну өзүнүн тирүү экенин сот аркылуу далилдөөгө аргасыз болду

Бөлүшүү:

Орусиянын Иркутск облусундагы Братск шаарынын тургуну өзүнүн тирүү экенин күбөлөндүрүп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү прокуратурага кайрылган. Ал өткөн жылдан бери бардык мамлекеттик маалымат базаларында өлгөн адам катары эсептелип келген.

Аялдын каза болгондугу тууралуу билдирүү маалымат базаларына былтыр октябрда киргизилип, ага пенсия берилбей, банк эсептери жабылып, медициналык камсыздоо полиси жокко чыгарылган.

Прокуратура кызматкерлери былтыр августта Усолье-Сибирское шаарында медиктер ал аял менен аты-жөнү окшош башка адамдын өлүмүн каттаганын аныкташкан.

Прокуратура сотко кайрылгандан кийин Братск шаарынын тургунунун өлгөндүгү тууралуу маалыматы жараксыз деп табылып, жокко чыгарылган. Эми анын конституциялык укуктары толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда Усолье-Сибирское шаарынын полициясы чынында эле каза болгон аялдын тек-жайын аныктоо иштерин баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: