Базарда жүрүп эле «бакандай» губернаторго айланып кеткен Аманбай Кайыпов Нарын областынын башына келгени эмне ишти кыйратканын биле албадык. Нарын калаасына кире бериштеги «эки илбирстин» сөлөкөтү түшүрүлгөн ташкуйманы жаңылап койгонго алы жетпеди. «Өгүз өлбөгүн, араба сынбагын» логикасы менен иштеп келе жатат. Аманбай мырзага, «Баланча жыл губернатор болгон» деген жазуу эмгек китепчесине жазылса болду окшойт. Болбосо, кыймылдайт эле да. Анан да бир ай мурун кызматтан кетет-кетет болду эле, дароо ооруканага жата калып ал кырдаалдан өтүп кетти. Эми кайрадан арызыңды жаз десе, эмне шумдукту ойлоп табаар экен?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ