Menu

Батыралиев акыры колго түштү

Бөлүшүү:

Көмүскөдө дары саткан «мафияны» тазалайм деген жалган ураанга жамынып алып Саламаттыкты сактоо министрлигин бир нече жыл башкарган Талантбек Батыралиев мамлекетке каршы келген ондогон келишимдерди түзүп, капчыгын кампайтып кеткени айтылып жүргөн. Анын бири тастыкталып, Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 322-беренеси («Билип туруп жасалма келишим түзүү») боюнча иш козголуп, УКМКга берилди. Эсеп палатасы түзгөн актыга ылайык, Батыралиев 2014-2018-жылдары 5-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын кесепетинен мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан. Асыресе, Батыралиев былгыткан иштер муну менен эле чектелбейт. Түркия демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарында курулган оорукана боюнча дагы калпыс келишим түзүп, иттин өлүгүн көмүп кеткен. Жарактан чыккан тез жардам унааларын алганы да парламент трибунасынан көтөрүлгөн. Булар дагы тийиштүү органдардын көз жаздымында калбашы керек.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: