Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоодогу авария боюнча мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы Прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, иштин материалдары Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү. Биринчи отурум качан болору азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, айыпталуучулардын жактоочулары алардын күнөөсүз экендигин билдирип, 111 миллион сом өлчөмүндөгү зыян асмандан алынган деп айтышууда.
Эске салсак, борбордук ЖЭБди модерназациялоодогу авария боюнча төрт кылмыш иши козголуп, энерго тармактын жети мурунку топ-менеджерлери, алардын ичинде Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев жана «Электр тармактары» ААКнын мурунку башкы жетекчиси Сайлайдин Авазов камакка алынган. Алардын баардыгы коррупцияга айыпталууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ