Menu

Бүгүндөн баштап камералар менен радарлар иштей баштады

Бөлүшүү:

Далайдан бери куттүрүп, чыр-чатак менен чечилбей келген «Коопсуз шаар» долбоору бүгүндөн баштап Бишкек шаарында ишке кирди. Учурда Жибек Жолу – Жаш Гвардия, Чүй – Фучик, Чүй – Бейшеналиев (Ош базарынын аймагы), Жибек-Жолу – Фучик, Чүй – Жаш Гвардия, Бокөнбаев – Абдрахманов, Жибек-Жолу – Абдрахманов, Чүй – Курманжан Датка, Москва -Абдрахманов, Горький – 7-Апрель көчөлөрүнун кесилишине радарлар орнотулуп бүттү. Эми светофордун тийиштүү белгисине баш ийбегендерди, карама-каршы тилкеге чыккандарды, жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдагандарды, светофордун токтотуучу белгисине карабай өткөндөрдү, жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузгандарды, ылдамдыкты чектен ашыргандарды, автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузгандарды радардын жардамы менен айыпка жыга баштайт. Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру «Инфокомго» жөнөтүлөт. Андан кийин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасы» аркылуу айдоочуга жиберет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

Мындан улам баардык айдоочуларды эреже сактап айдоого чакырабыз. Мыйзамга баш ийбей, аңыраңдагандар айып пул төлөйт. Айып пул төлөө салык төлөгөндөй эмес экендигин эсиңизге сактаңыз. Эгерде эреже сактап айдасаң, ашыкча баш оору жок жашайсың дегендей эле кеп…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: