Menu

Айбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин кадрларды жайгаштыруу бөлүмүнө өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Милициянын подполковниги Айбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин кадрларды жайгаштыруу бөлүмүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Башкы ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Ал 10-февраль күнү жол кырсыгына катышып, тергөө мөөнөтүнүн акырына чейин кызматынан бошотулган. Эске салсак, жол кырсыгы борбор калаанын Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы текшерүү жүргүзүүдө.

Айбек Сыдыков 2017-жылдын 5-октябрында болгон Бишкектин «Ретро Метро» түнкү клубунун кире беришинде болгон атышууда да катышкан. Анда укук коргоочулар көңүл ачуу жайы ачыла элек болгонуна нааразычылыгын билдирип, кызматкерлерден аларды клубга киргизүүсүн талап кылышкан. Окуядан кийин ага катышкан милиция кызматкерлери кызматтан алынган. Айбек Сыдыков дисциплинардык жаза алган. Кийин бул окуя боюнча Башкы Прокуратура КР кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук», «Курал колдонуу менен бейбаштык» жана «Кызматтык абалынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 2-февралында тергөө аяктагандан кийин, аталган кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн. Ал эми 22-февралда өкүм чыккан.

Айбек Сыдыков «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган. Анын жактоочусу өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылган, бирок ал карала элек.

Булак:KyrgyzToday  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: