Menu

Эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эски аянтка жана «Газпром Кыргызстан» тарабынан курулуп жаткан мектепке  Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунушташууда.  Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында «Республика- Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышкан, бирок  аттарды өзгөртүүгө мараторий бар.

«Бирок биз Турдакун Усубалиевдин ысымын Эски аянтка ыйгара алабыз. Бул биздин ыйгарымдарыбызга туура келет. Быйыл биз анын 100 жылдыгын белгилейбиз. Ал Эски аянтта көптөгөн имараттарды курду, ошондуктан ага анын ысымын ыйгарганыбыз туура»-дейт депутат.

Ошондой эле Канатбек Мүзүралиев быйыл шаардын түштүк бөлүгүндөгү мектептин курулушу аяктай турганын белгиледи.

«Аны «Газпром Кыргызстан» куруп жатат, эсеп боюнча ал 99-болот, ага 100-номурду коюп, Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алуубузду сунуштайм»,- деп кошумчалады депутат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: