Menu

Булак: Кызматтан алынган өзбек Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

11-февралда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгынан кеткен Ихтиёр Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул кызматта бир жылдан ашык иштеген Ихтиёр Абдуллаев кол алдындагы ондогон кызматкерге кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин кызматтан алынган. Булактын айтымында, азырынча ал «экономикалык кылмыштарды жасоого» айыпталып жатат.

Дагы бир булактын билдиришинче, Абдуллаевге каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери менен 8-февралда кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши быйыл январда камалган атайын кызмат өкүлдөрү, анын ичинде төраганын мурдагы биринчи орун басары Жахангир Эгамовдун көрсөтмөсүнүн негизинде ачылганы кабарланууда.

Өкмөткө жакын булактын маалыматына караганда, 10-11-февраль күндөрү Өзбекстанда УККнын жүзгө жакын кызматкерине каршы кылмыш иштери козголуп, бардыгы камакка алынган. Ихтиёр Абдуллаев атайын кызмат президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшап келгендиги белгилүү болгондон кийин Мирзиёевдин «каарына калганы» айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: