Menu

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча иш сотко өттү

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Осмонбек Артыкбаев айыпталып жаткан кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы УКМКнын бул иш боюнча айыптоосун бекитип, сотко ашырды. Кийинки териштирүү Свердлов райондук сотунда болот.

УКМК Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктаганын 8-январда билдирген. Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коюлган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Сапар Исаков 13-февралга чейин камакта калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: