Menu

Москвада туристтерди сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталды

Бөлүшүү:

Өткөн жылдын жайында Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокустан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу акталып, абактан бошотулду. Мындай маалыматты «Замандаш» партиясынан билдиришти. Ага ылайык, 8-январда Смоленск облусунун соту Чыңгыз Анарбек уулун мөөнөтүнөн мурда бошотуу өкүмүн чыгарган. «Башында прокурор абдан каршы болуп жатты. Азыр баары жакшы болуп бүттү. 2019-жылдын 19-февралында мени абактан чыгарышат. Бошоткон соң 10 күн кармашат экен. Кыргыз элимдин колдоосу үчүн ыраазымын», — дейт Чыңгыз Анарбек уулу.

Эске салсак, 2018-жылы 16-июнда Москва шаарында футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан учурда такси жолдон чыгып, жөө бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Унааны кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу башкарып бараткан.

2018-жылдын октябрь айында кыргызстандык жаранды Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка тартуу менен айлык маянасынан 15%ын кармай турган болуп, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыраткан болчу.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: