Прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эсеп палатасында коррупциялык ишти аныктады. Министрлик аларга текшерүү үчүн келген аудиторду бюджеттик акчага Туринге эс алууга жиберген. Башкы прокуратурадан билдирешкендей, былтыр Эсеп палатасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2016-жылдагы чыгымдардын текшерүүгө алган.
«Бул эки түзүмдүн өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Ден соолук 2» программасы боюнча медиктерди окутуу болушу керектигине жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча аудит жыйынтыктала электигине карабай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржысына аудит жүргүзүп жаткан Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспекторун Италиянын Турин шаарына жиберишкен», -дешти прокуратурадан.
Жыйынтыгында республикалык казынага дээрлик 460 миң сом чыгым болгон.
Азыр бул ишти УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы карап жатат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ