Menu

Футболчу Саланын денеси деңизден чыгарылды

Бөлүшүү:

Аргентиналык футболчу Эмилиано Сала кырсыкка учураган учактын сыныктары менен бирге табылган дене футболчуга таандык экени аныкталды. Бул тууралуу англиялык аба-кырсыктарын изилдөө тобунун маалыматында айтылды.

Ага ылайык, аптанын башында деңиз астын изилдеген узактан башкарылчу аппарат тартып чыккан видеодо 67 метр тереңдикте учактын сыныгынын ичиндеги адамдын денеси көрүнгөн. Белгилүү футболчулар жана башка ыктыярдуу адамдардын материалдык жардамы менен ал деңизден алып чыгарылды. Коомдук желелерден анын кесиптештери-футболчулар суук кабарды кайгыруу менен билдиришти.

Эске салсак, 21-январь күнү Франциядан Англияга карай футболчуну алып жөнөгөн жеңил кыймылдаткычтуу кичи учак жарым сааттан кийин Ла Манш кырсыгында радарлардан жоголуп кеткен. Аны издеп табуу кыйынга турду. Сала бир күн мурда өзү ойноп келген франциялык «Нанта» клубунан англиялык «Кардифф сити» командасына өтүү боюнча келишимге кол койгон болчу. 28 жаштагы оюн-чу клубундагы трансфери эң кымбатка бааланган мыкты чабуулчу болчу.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: