Menu

Кандай айымдар сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салат?

Бөлүшүү:

Оксфорд университетинин окумуштуулары аялдын манжасынын узундугу менен ала жипти аттоо мүмкүндүгүнүн байланышын таап чыкты. Бул тууралуу Biology Letters басылмасына чыккан макалага таянуу менен жазып чыкты.

Илимпоздордун иликтөөсүнө 474 адам катышкан. Алар атайын анкета толтуруп, анатомиялык көрсөткүчтөрүн жазып, бир катар анализдерин тапшырган.

Натыйжада күйөөсүнүн же жигитинин көзүнө чөп салган кыз-келиндердин сол колунун сөөмөйү аты жогунан узунураак экени аныкталган. Ал эми эркектерден мындай өзгөчөлүк байкалган эмес.

Тестти өткөргөндөн кийин окумуштуулар манжа узундугу аялдардын жыныстык гормондору болгон экстрогендердин деңгээлин аныктай турганын далилдешти. Көрсө, учурдагы жеке мамилелерине ичи чыкпаган аялдардын аталган гормону көп болуп, “башканы” эңсеп турат экен.

Кандай эркектер ойнош күтөт?

Лондон экономика институтунун адистери коомдо калыптанып калган эркектин берилгендиги аялынын жүрүм-турумунан көз каранды деген стереотипти жокко чыгарышты. Алар изилдөө өткөрүп эркектин интеллектуалдык деңгээли менен анын ала жипти аттаганга болгон шыгынын байланышын табышты. Акылдуу эркектер ала жипти аттабасы ачыкка чыкты. Интеллектинин деңгээли жогору мырза эч качан четтен ойнош күтпөйт. Анткени социалдык планда моногамия (бир никелүүлүк) – бул түгөйлөрдүн мамилесинде эң пайдалуу жана коопсуз вариант деген бүтүмгө британ окумуштуулары келди. Бул фактты эркектин акылдуулары гана түшүнүшөт дешет окумуштуулары гана түшүнүшөт дешет окумуштуулар. Интимдик жашоодо бир гана аял менен болгон мамиле модели эң мыкты деп эсептелинет. Ал эркекти дайым жаңы ойнош издөөдөн коргоп, стересстин деңгээлин азайтат жана нерв клеткаларын жакшы абалда сактганга өбөлгө түзөт.

Эскерте кетчү нерсе, моногамия ден соолук үчүн пайдалуу. Флоренция университетинин окумуштуулары жубайлардын бири-бирине болго бектиги аялдын да, эркектин да узак жашоосунун кепилдиги экендиги далилдешти.

Сайкал Илиасов 

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: