Menu

Мадуро 72 тонна алтынды мыйзамсыз саткан

Бөлүшүү:

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун өкмөтү казынадан 72 тонна алтынды парламенттин уруксаты жок Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарына сатып жиберген. Мындай маалыматты парламенттин депутаты Карлос Папарони билдирди.

Анын айтымында 72 тонна алтындан 27 тоннасы Эмираттардагы Noor Capital фирмасына сатылган. Венесуэладан алтын сатып алганын аталган компания да тастыктаган. Ал эми 24тоннасын Түркия сатып алган. Бул тууралуу түрк өкмөтү эч кандай маалымат берген эмес. Өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо баштаган парламент жана оппозиция өлкөнүн бир грамм дагы алтынын саттырбоого аракет кылып келишет.

Мындан сырткары Мадуро бийлиги Орусиядагы банк эсептерине 124миллион евро которгону да маалымдалды. Өлкөдөгү элдик көтөрүлүш күчөгөн акыркы апталарда Венесуэла өкмөтү Евробиримдиктеги бир да банкка акча которуу-алуу операцияларын кыла албаганы буга кошумча шек жаратууда.

Түркия менен Орусия учурдагы саясий кризисте Мадурону колдогон саналуу өлкөлөрдүн ичинде.
Эске салсак, Николас Мадуро режими өлкөдөгү мунай өндүрүшүнүн кыскаруусу, АКШнын санкцияларынын ОРЕС өлкөлөрүнүн кирешелерине тийгизген таасири жана сырттан келчү кредиттердин токтогонуна байланыштуу бир жылдан бери алтын сатууну баштаган. Борбордук банктын 2018-жылкы билдирүүсүнө караганда Венесуэланын Англиядагы банктарда сакталган алтын резерви 132 тоннаны түзөт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: