Menu

Өзбекстанда бокс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү убадаланган сыйакыны ала албай келишет

Бөлүшүү:

Былтыр 15-сентябрда Самаркандда өткөн кесипкөй бокс боюнча чемпионаттын 15 жеңүүчүсүнүн 14ү дале болсо убадаланган сыйакыларын алыша элек.

Финалдан кийин алтын медаль ээлерине 8 миллион сумдан (1000 долларга жакын), күмүш медаль алгандарга 4 миллион сумдан (500 доллар) жана коло тагындарга 2 миллион сумдан (250 доллар) акчалай сыйакы берүү тууралуу сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылган.

Өзбекстандын Кесипкөй бокс федерациясынан алар бейөкмөт уюм экенин жана эсептеринде таптакыр акча жоктугун айтышты. «Федерация кызматкерлеринин өзүлөрү октябрдан бери айлык алыша элек. Бокс боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө сыйакы берүү тууралуу расмий сертификаттар бул «жөнөкөй эле кагаздар», — деп билдирди федерациянын өкүлү.

Спортчулар Самарканддагы мелдеште жеңишке жеткендерин бирөөсү гана Улутук кооопсуздук кызматына арыздангандан кийин 8 миллион сумдук сыйакы алганын билдиришти. Калган 14 жеңүүчүгө бүгүнкү күнгө чейин акча берилет деп үмүттөнүп келишет.

Өзбекстандын Бокс федерациясынын төрагасы өлкө премьер-министринин биринчи орун басары Очилбой Раматов. Ал жетектеген федерация Эл аралык бокс ассоциациясынын мүчөсү болуп эсептелет. Жакында эле бул уюмдун президенттигине АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесиндеги өзбекстандык ишкер Гафур Рахимов шайланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: