Menu

Марал Койчукараева, актриса: “Сүйүү күнү мага чоң сыноо”

Бөлүшүү:

Марал Койчукараева бир жараткан ролу менен көпчүлүктүн эсинде калды. Эрдик, тартынбастык менен «Ээнсиреген үй» тасмасына тартылуу аны кино жаатына жетелеп келген. Бирок актриса акыркы убактарда кино дүйнөсүнө такыр аралашпай калды. Күйөрмандары үчүн Маралды кепке тартып, бир топ суроолорго жооп алдык.

—Марал, көптөн бери көрүнбөй кеттиң, кайда, эмне менен алексиң?

—Жашырбайм, учурда Россиядамын. Москвада кесибим боюнча жумушка киргем, ветеринария багытында иш алып барам. Жумушум абдан кызыктуу, өзүмө жагат. Анткени бул кесипти өзүм тандап алып, жогорку билимге ээ болуу үчүн кызыгып окуганмын.

—Кыргызстанга канча убакытта бир келип жатасын?

—Бир жылда бир жолу. Себеби ата-энем бул жакта. Курбу-достор деле көп. Кыргызстан менин мекеним, көпкө турсам деле болмок. Баарын айтып олтурбайын , учурда Москва мага ыңгайлуу болуп жаткан кези.

—Киного тартылуу сунуштарынын баарынан баш тартып жатасыңбы же эч ким чакырган жокпу?

—Баш тартыш учүн сунуш болуш керек да. Мага азырынча эч ким биздин киного тартылып койчу деп сурана элек. Эми кино тармагында аябай мега жылдыз болуп эле сунуш кылбаса, чыныгы кинону түшүнгөн, билген адам камерага тартып, видеодо каармандардын жанашасын карап анан тандайт. Кудайдын буюрганы тургандыр. Киного тартылбай калдым деп өкүнбөйм деле. Мега жылдыз болууга толугу менен кино менен алек болуп, өзүңдүн бүт убакытыңды арноо зарыл. Чыгармачыл адамдар ошондой өйдө-төмөн менен анан эмгеги сиңет да.

—Жолдошуң менен эки башка жолго түшкөнүң жашыруун эмес, уулуңду ким тарбиялап жатат?

—Бала талашып, мыйзамдашканды таптакыр жактырбайм. Ага жетпей эле коёюн. Учурда уулум менде. Бир аз чоңоюп, өзү акыл эс токтотуп, ак менен караны ажыратып калганча балага көбүнчө эненин мээрими керек. Атанын ордун эч ким толуктай албайт эмеспи. Муну эске алып чоң эне, чоң атасына жиберип турам. Баары бир ошолордун баласы. Балам чоңойсо бизди түшүнүп алат деген ойдомун.

—Кыздын чырагы кырк дейт. Балким азыр деле колуңду сурап жүргөндөр бардыр же сүйүүңдү таптыңбы?

—Кыздын чырагы кырк болсо жакшы экен, мен азырынча бул багытта ойлонгон жокмун. Иштешим керек, уулумдун келечеги, тарбиясы, максаттары, билими мени көбүрөөк ойлондурат. Кудай маңдайыма жазып койгон бирөө тургандыр. Кыргыздар «көздүү мончок жерде калбайт» деп коюшат. Балким баары алдыдадыр.

—Кино жаатында эмес, балким өзүңдү башка тармактан сынап көрөөрсүң?

—Өзүмдү түп тамырым менен чыгармачыл адаммын десем жаңылбайм. Башка багытым мал доктурлук кесибим болду. Жаныбарларга жакынмын. Аларды дарылап, айыктырганды жактырам.

—Кышкы эс алууну кайда өткөрдүң?

—Өзүнө убакыт тапкан адамдарга суктанам. Мен канчалык аракет кылсам деле эс алууну башка өлкөлөргө барып өткөрө албайм. Кышкы эс алуумда адаттагыдай иштедим.

—Туулган күнүңдү кимдердин курчоосунда өткөрдүң, өзгөчө болдубу?

—Кадимкидей эле тосттор айтылып, белектерди алып дегендей, өзгөчө кылууга умтулган деле жокмун. Ата-энем, досторум, аяштарым жанымда болсо мага ошол жетиштүү. Жылуу сөздөргө жыргап жүрүп эле бир күндү өткөрдүм.

—Сериал кубалап көрүп, аны талкуулаган айымдардын катарын толуктайсыңбы?

—Сериалды кубалап көргөнгө негизи убакытым жок. Кээде бош убакыт болуп калганда көрүүгө кино издеп калам. Курбу досторум жардам берип кызыктуусун тапканча эле кино көрүүгө каалоом учуп кетет. Бош убактысы көптөргө сериал көргөн ыңгайлуу болсо керек деп ойлоп коём.

—Сүйүү күнү сен үчүн майрамбы?

—Жалгыз болсом деле майрам катары кабыл алам. Кадимкидей таасирленип көчөдө жетелешип бараткандарды көргөндө «жыргап баратышат бактылуулар»-деп кадимкидей суктанам. Сүйүү күнү мага чоң сыноо. Соцбаракчаларыма калп эле таш боор сөздөрдү жазып койгонум болбосо укмуш романтикмин. Ал адатымды жакындарым жакшы билишет.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: