Menu

Талантбек Батыралиев бөйрөккө бөлүнгөн 107 млн. сомду жеп койгонбу?

Бөлүшүү:

КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жаткандыгы боюнча билдирүүнү анын өзүнө тапшырды.

Ага ылайык, гемодиализ ыкмасы менен V стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорууларга медициналык жардам берүү үчүн жабдыктарды сатып алуу каралган КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамынын талаптарынын бузулган фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган факты боюнча аудит жүргүзүү белгиленген. КРнын Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына 107 млн. сом суммасында зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул жагдайга байланыштуу 7-февралда КРнын мурдагы саламаттык сактоо министри Т.Батыралиевге КРнын Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна (Ыңгайсыз келишимди билип туруп түзүү) ылайык кылмыш жасоого шектелгендиги маалымдалды.

Албетте, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондуктан Т.Батыралиевди аталган суммадагы акчаны жеп койду деп айтууга эрте. Балким, анын өзүнүн да аргуменггери бардыр. Канткен менен ал экс-президент А.Атамбаевдин туташ коррупциялашкан бийлигинде таза министрлердин бири болчу. Анткени жети баштуу ажыдаарга айланып кеткен медицина тармагындагы ак халатчан коррупционерлер, дары-дармек тармагындагы мафия менен күрөшүүгө көп күчүн жумшады. Тилекке каршы максаты ишке ашкан жок. Эми өзү ошол тузакка илинип отурат. Балким, бул ошол душмандарынын кайырмагы болуп жүрбөсүн?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: