Menu

Төрөбаев мыйзамсыз жоругу үчүн жооп береби?

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын эчактан бери ашмалтайы чыкканы баарыбызге бештен белгилүү. Бул партиянын түптөөчүсү Бакыт Төрөбаев болсо саясатта өз ордун таба албай, жалаң өзүнүн туруксуздугунан улам – эчак саясый сойку эле эмес, “саясый өлүк” болуп калганы ырас. Мына ушул адамдын дагы бир былыгы ачыкка чыкты. Төрөбаев өз партиясынан ЖКга, Бишкек шаардык кеңешке ж.б. аймактык кеңештерге кимди депутат кылуу маселесинде мыйзам менен эсептешпей, БШКнын да чечимдерине баш ийбей, өзүн -өзү билип, өтүгүн төргө илип келет. Буга бир мисал, 2018-жылдын жайында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын катарындагы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аликбай Сариев мандатын тапшырган соң, анын ордуна тизмеде 10-сапта турган Эдик Досиевди аттап өтүп, тизмеде 12-сапта турган Аллаберди Парпиевди депутат кылууга жан далбастап Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы Боршайкомго сунуш берет. Досиев укугу тебеленип жатканы үчүн тиешелүү жерге кайрылат. Акыры алты айга созулган талаш-тартыштан кийин БШКнын тогуз мүчөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 12-июлундагы №6-чечимин жокко чыгарып, мандат меселесин кезектеги тизмеге  ылайык берилсин деген чечим чыгарып берген. Бирок, жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, “Өнүгүүчүлөр” БШКнын бул чечимин сотко беришкен. Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө КР БШКнын 2019-жылдын 31-январындагы №7 токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө А.Х. Парпиевдин арызы боюнча 2019-жылдын 4-февралында сот болуп, Бишкек шаардык район аралык соту КР БШКнын токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, А.Х. Парпиевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Буга да макул болбогон А.Х. Парпиев эми Жогорку Сотко кайрылган.

Дагы бир кызык жагдай, Бишкек АШКга келип түшкөн партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы саясий кеңешинин №16-протоколунда башкы “өнүгүүчү” Бакыт Төрөбаевдин колу коюлуп, мөөрү басылган эмес. Көрсө, 2018-жылдын 3-июлунан 13-июлуна чейинки аралыкта Стамбул аркылуу учкан Бакыт Төрөбаев маанилүү иштер менен чет өлкөдө иш сапарда жүргөн экен. Каалоочулар бул маалыматты чек ара кызматынан тактап алса болот. Демек, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы саясий кеңешинин отуруму толук түрдө мыйзамсыз өткөндүгүнүн кашкайган далили. Укуктук күчкө ээ болгон маанилүү иш кагаздарды жасоо кылмыш жоопкерчилигине тартаарын абдан жакшы билген, эки сөзүнүн бирин мыйзам менен оозанган Төрөбаев мырзанын бул кылыгы кайсы акылга сыярын түшүнбөй башыбыз маң.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: