Menu

Өзбекстанда бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камералары орнотулат

Бөлүшүү:

1-июнга чейин Өзбекстандагы бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камералары орнотулат.

11-февралда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев «Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу» токтомго кол коюп, Элдик берүү министрлигине бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камераларын орнотуу ишин тапшырды.

Буга чейин бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына карата зомбулук көрсөтүү учурлары тууралуу бир нече жолу жазып чыгышкан.

Документке ылайык, 1-марттан тарта бардык мамлекеттик окуу жайлардагы, балдар үйлөрү жана балдар шаарчаларындагы тарбиячылар үчүн базалык айлык акы 1,5 эсеге көбөйөт.

Мындан тышкары 1-марттан тарта багып алуу үчүн үй-бүлөлөргө кабыл алынган ар бир балага төлөнчү жөлөкпүлдун өлчөмү 1,33 эсеге көбөйүп, 820 000 сумду (100 долларга жакын) түзүп калат.

1-октябрдан тарта физикалык жана акыл-эс жактан артта калган балдар мекемелериндеги жетекчилер менен педагогдорго ай сайын айлыктын 75% өлчөмүндөгү кошумча акча төлөнүп турат.

Мындан тышкары камкордук органдарынын жумушчуларына ай сайын транспорт чыгымдарынын ордун толтуруу максатында 170 000 сумдан (20 доллар) компенсациялык төлөмдөр берилип турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: