Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнүн алгачкы күнү жолдордогу абал өзгөрө баштагандыгын көрсөттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг жүргүзүү борборуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы жалпы жарандарды масштабдуу жана маанилүү  «Коопсуз шаар»  долбоорунун ишке киришименен куттуктады.

«Кечээтен тарта видеофиксациялоо камералары жана аппараттык-программалык комплекстер Бишкек шаарындагы жол эрежесин бузууларды каттоого ала баштады. Бул долбоорду ар кандай себептер боюнча ишке ашырууга мүмкүн болбой  келген. Ошол  эле  учурда унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жол кырсыктарынын  саны өсүп, жолдордогу  абал татаал бойдон калып келген. Абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү талаптар  зарыл болгон,  анын натыйжасы катары «Коопсуз шаар» долбоору ишке берилүүдө. Эксперттик топ иш  алып барып, андан соң сынак жарыяланган, анын жыйынтыгын чыгаруу иши катышуучулардын өз-ара сын-пикирлеринен улам создуктурулган. 2018-жылдын  декабрь  айынын  соңунда  гана жеңүүчү аныкталган.  Бул жөнөкөй эмес ишке өз  салымын кошкон  бардык  жактарга  ыраазычылык билдирипкетким келет. Сизердин күч-аракеттериңиздерге  жараша жолдогу коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо маанилүү кадам  жасай алдык.  Ошондой эле аталган долбоордун ыкчам ишке киргизилүүсүн негиздүү  талап  кылган  жана биздин аракетибизди колдоого алган бардык жарандарга ыраазычылык билдирем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, алгачкы күнү эле  жолдогу  абал өзгөрө  баштагандыгы  байкалган.

«Аталган долбородун ийгиликтүү  ишке ашырылышына  ар бирибиз кызыкдар болдук.  Президент Сооронбай Жээнбеков  долбоорду ишке ашырууга  колдоо көрсөттү.  Кечээ  айдоочулар жол кыймылы эрежесин сактай баштагандыгына ар бирибиз күбө болдук.  Мунун өзү алар тартипке умтулуп, ал эми жолдорубуздун  коопсуздугу  жакшырып  жаткандыгынан кабар берет. Адамдар коопсуз өлкөдө жашоону каалайт», – деп белгиледи  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, жол инфраструктурасына, жол белгилерине, айыппулдардын болушун текшерүү  тутумунун  ишине  байланыштуу  жарандардын  айрым  нааразычылыктары бар.

«Белгиленген тигил, же бул бузуулардын негиздүүлүгү  маселеси боюнча талаштуу  учурлар  болот. Биздин инфраструктура идеалдуу эмес, ошондуктан Бишкек шаардык мэриясы Ички иштер министрлиги менен биргеликте жол белгилерин коюу иштерин күчтөндүрүүгө  тийиш.  Долбоорду ишке  ашырууга тартылган мамлекеттик органдар талаштуу  жагдайлардын көп болушуна даяр туруулары керек, ал эми онлайн режиминде иштеген тутум кээде бузулуусу мүмкүн. Ошондуктан  жарандарга ыңгайсыздык  жаратпоо, тутум  туруктуу жана ишенимдүү иштөөсү үчүн жөнгө салынган жана так ишти камсыздап, пайда болгон бардык көйгөйлөрдү ыкчам четтетүү зарыл», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, маанилүү  кадам жасалды,  бирок алдыда бизди көп иш күтүп турат.

«Бул абдан масштабдуу жана жооптуу иш, ал бизден мындан ары да көп күчтү талап кылат. Биз «Коопсуз шаар» долбоорунун кийинки баскычтарын дагы ишке ашыруубуз керек, инфраструктураны өнүктүрүп, шаарларда  жана  республиканын  бардык жолдорунда  тутумдун туруктуу ишин жөнгө салууга тийишпиз», – деп белгиледи Премьер-министр.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: