Menu

2018-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйган

Бөлүшүү:

2018-жылы Кыргызстанда 136 мектеп окуучусу зомбулукка кабылып, 88 бала өз жанын кыйган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин коллегиясында айтылды.

Аталган мекеменин жетекчиси Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында,  окуучулар арасындагы өлүмдөрдүн көп болуп жаткандыгынын себеби өспүрүмдөр арасындагы суициддерди алдын алуу боюнча ата-энелер менен иш алып баруунун жоктугунда.

Акыркы апта ичинде эле өлкөдө мектеп окуучуларынын бир нече суициди катталган. Республиканын түштүгүндө 15 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет жасаган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

12-февралда Караколдо 11 класстын окуучусу классташтары тарабынан  өлтүрүлгөн. Алар аны түндө эшикке чакырып, таяктар менен сабашкан. Күнөөлүлөр кылган кылмышын моюндашкан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: