Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Жанат Бейшенов менен өлкөнүн жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөткө өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жанат Бейшенов Министрликтин 2018-жылдын жыйынтыктары, транспорт жана жолдор тармагында аткарылган жумуштар, жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөттүү өнүгүү пландары, анын ичинде өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жана аймактарды өнүктүрүүнүн багыттарына ылайык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын кичи шаарлары жана айылдарында жалпы узундугу 81,4 км жолго асфальт төшөлдү. 2019-жылы — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жол чарба департаменти тарабынан республиканын 40 районунда жалпы узундугу 123 км ички жолдорго асфальт төшөө боюнча долбоор даярдалып жатат.

Министрдин айтымында, учурда «Кемин» жана «Сосновка» көзөмөл-өткөрүү пункттарында салмак габариттик көзөмөл пункттары иштеп жатат, алар салмак габариттик көзөмөлдүн автоматташтырылган маалымат системасына кошулган. Ушундай эле үч пункт жакында Ош жана Баткен областарында ачылат. «Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган системасы ведомство аралык электрондук «Түндүк» системасына кошулду. Бул жүк ташуучуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуучуларга лицензияларды жана транспорт каражаттарына уруксат берүүчү документтерди алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрөт.

Мындан тышкары «Коопсуз шаар» долбоорунун бир бөлүгү болуп калат. Анткени бул система ташуучулардын жүк же адам ташууларга (таксиден башка) укугунун (лицензиялар же уруксат кагаздар) бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков калктын, өзгөчө аймактардагы тургундардын жашоо сапаты, социалдык-экономикалык абалы транспорттук байланыштардын өнүгүүсүнөн жана жол инфраструктурасынын иштешинен көз каранды экенин белгиледи.

Ал ошондой эле жол-транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол жана авиа каттамдарын өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелерин тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Министрликтин алдына өлкөдө аймактарды өнүктүрүү максатында ар бир райондо жыл сайын 3 километрден кем эмес жолдорду салуу же ремонттоо тапшырмасы коюлганын эске салды.

Мамлекет башчысы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияны жоюу боюнча иштерди күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ал баса белгилегендей, коррупцияга каршы саясат мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Транспорт жана жолдор министрлиги КР Коопсуздук кеңеши менен тыгыз кызматташууну улантып, аны менен бирге Транспорт министрлигине калктын ишеним индексин жогорулатуунун үстүндө иштөөсү зарыл.

Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

КР Аба Кодексиндеги жаңы толуктоолорду эске алуу менен «бешинчи даражадагы аба эркиндиги» саясатына байланыштуу жарандык авиацияны жана ички каттамдарды өнүктүрүү, аба майдандарын өнүктүрүү жана модернизациялоо, авиа коопсуздугу боюнча ченемдик актыларды заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: