Кыргызстан менен Өзбекстандын сырткы товар алмашуусу тууралуу маалыматтар жүздөгөн миллион долларга төп келишпей жатат.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 2018-жылдын декабрь-январь айларында тышкы товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзүп, 8,6 пайызга көбөйгөн деп билдирген. Экспорт 8,3 пайызга көбөйүп, 158,5 миллион долларды түзгөн, ал эми импорт 178 миллион долларды түзүп, 8,8 пайызга өскөн.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, өлкөлөр арасындагы товар алмашуу 481 миллион долларды түзүп, 89,6 пайызга өскөн. Анын ичинде кыргыз товарларын Өзбекстанга болгон экспорту 132,8 миллион долларды, ал эми өзбек товарларынын импорту 348,2 миллион долларды түзгөн.
Маалыматтар 144,5 миллион долларга келишпей жатат. Эң чоң келишпестик өзбек товарларын кирүүсүндө, ал 170,2 миллион долларды түзөт. Экспорт боюнча айрыма 25,7 миллион долларга келишпей жатат.
Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматында келишпестиктер маалыматтарды жазуудагы ар кандай ыкма колдонулганына байланыштуу болуп жатат деп билдиришти. Өлкөдө мыйзамсыз импорт жок деп айтышууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ